Акыркы кездерде улам жаңы чиновниктер, республикалык маанидеги жетекчилер да, айыл өкмөттөрүнүн башчылары да мыйзамсыздыкка, арам оокатты сиңирип алууга шектелип кармалып жатат. Жүз миңдеген долларлар, миллиондогон сомдор казынага төктүрүлүп, уурдалган эл байлыгы кайра казынага катып келип жатат.

Мамлекеттик казынага кол салуу отуз жылдан бери тынымсыз жүрүп келди. Муну баары билип турган, президент да, карапайым жаран да. Бирок эч ким уурдалган мүлктү кайтарып алуу, ууруларды жазага тартуу, кустуруу максатын көздөбөдү. Өткөн бийликтин учурунда ууруларды колдоп, фактыларды талап кылып кутулушкан. Эми жаңы бийликтин учурунда кустуруу, ууруларды кылтакка илүү кадимки көрүнүшкө айланды. Адилеттик, мыйзамдуулук ордуна келип жаткатына коомчулук да ыраазылык билдирип жатканын көрүп турабыз.

Бирок азыркы бийликтер канчалык аракет кылса да мурдагы бийликтин, уурулардын, мыйзамсыз иштерди жасаган чиновниктердин тарапкерлери жактырбай, мунун баары элди алдоо катары көрсөтүүгө аракет жасашууда. А чынында мурдагы бийликтин учурунда азыркы абакка алынып, миллиондорду кускан уурулар коргоого алынганын, ууруларды колдогондор да ошондой эле ууру экенин моюнга алышпайт.

Садыр Жапаров президенттик такка отурган соң бардык бийлик бутактарында иштеген жетекчилердин кызмат орду кайра каралып чыгаарын, жетекчилер жаңы критерийлер менен тандалып алынарын айткан эле. Буюрса бийлик системасы да тазаланып, элдин жана мамлекеттин гана кызыкчылыгына иштеп баштаганын көрүп турабыз. Бул эми гана башталган иш, буюрса анын жемиши эл күткөндөй болот.

Булак: NazarNews.kg