Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы жетекчиси Абдил Сегизбаев кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу башкы прокуратурадан билдиришти.

Буга чейин Сегизбаев 25-январда УКМКга сурак берүү үчүн барганы айтылган. Маалыматка караганда, 2021-жылдын 14-январында Алмамбет Шыкмаматов жана башка адамдар тарабынан Башкы прокуратурага түшкөн кайрылуунун негизинде Кылмыш жаза кодексинин 320-беренеси (Кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалануу) боюнча сотко чейинки өндүрүш иши каттоого алынган.

Анда Сегизбаев УКМКны жетектеп турган кезде Жогорку Кеңештин депутаттары Алмамбет Шыкмаматов, Аида Салянова жана Өмүрбек Текебаевдин беделине шек келтирип, кылмышка айыптаганы белгиленген.