Жаңы шайланган президент Садыр Жапаровдун алгачкы чет өлкөлүк визити Россияга болот. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин отурумунда вице-премьер-министр Равшан Сабиров маалымдады.
Анын билдирүүсүнө караганда, визиттин жүрүшүндө талкууланчу негизги маселелердин бири газ болот.
«Эгерде аталган маселе талкууланса, анда биздин эл үчүн жакшы жактары көп болот», — деди ал.