Автордон: Биз, адамдар, эзелим өлбөчүдөй, түбөлүк жашап калчудай сезет турбайбызбы өзүбүздү. Кечээ эле арабызда жаркылдап жашап жүргөн канча инсандар бүгүн эми өтмүшкө айланып, түбөлүктүн түбүнө сиңип кетишти. Айжаркын дилдүү, чыгармачыл, көп кырдуу инсан, ыраматылык Мажит ава (Жороев) менен замандаш болуп калганым мен үчүн зор бакыт, үлкөн дөөлөт. Төмөндөгү эскерүүнү өз колу менен жазып, мага берген эле, жарыктык. Тилекке каршы, тирүүсүндө окубай калды…
Кут даарыган куттуу Лейлек жергебизде, өз доорунда өрнөктүү өмүр сүрүп, тарыхта жакшы из калтырган нечендеген чыгаан уул-кыздарыбыз элдин эсинде сакталып, алардын эл-жерине кылган ак эмгеги менен адал кызматы акталып, элдин сыймыгы болуп даңкталып келатпайбы. Тээ алмустактан бери аңыз болуп айтылып келаткан баатырларыбыз, балбандарыбыз, саяпкер-мүнүшкөрлөрүбүз, өнөрпоз чебер усталарыбыз, эл башкарган атактуу бийлерибиз, ак таңдай төкмө акындарыбыз, кара калды как жарган акылман карыяларыбыз өз доорунун сыймыгы болуп өтүшкөн. Казактын бир акыны айтып ырдагандай: «Жакшылар жаксымын деп айталмайды, жамандар жаксымын деп айхайлайды. Баурында күндү көрип жүргениң соң, Таулардын бийиктиги байкалмайды» – дегендей, канчалаган асыл адамдарыбыз өз учурунда байкалса да баркталбай кала берип, алар жөнүндөгү баалуу малыматтар аздыр-көптүр калса да көпчүлүгү жазылбай, убакыт өткөн сайын карт тарыхтын катмарына сиңип кеткендир.
Ал эми азыркы эле бизге замандаш болуп жашап жүргөн, элине көп эмгеги сиңген, колунан келген кызматын эч кимден аябаган, боорукер, ак көңүл пейли менен элге жаккан, азыркы замандын бараткан багытын алдын-ала байкап, жеке эле өз турмушуна эмес, башкаларга да туура жол көрсөткөн, гумандуулук иштерди көп жасаган, бей-бечараларга өтө кайрымдуу болгон, барган жеринде жаркылдаган жакшы мүнөзү менен кимди болсо да өзүнө тарткан, өмүрүнүн акырына чейин атасы Абдырахман раистин жолун жолдоп, эл башкарган Жээналиев Ниймат-ажи авам жөнүндө азыноолак сөз кылып, а кишинин балалык чагынан бир учурларынан эскерип жазгым келди.
1955-58 жылдарда Жээналиев Абдырахман раис биздин Кара-Булак айлында иштеп турган учурда, а кишинин Ниймат жана Насир деген уулдары биздин жети жылдык мектепте биз менен бирге окугандан баштап, жаштыгыбыздан ынак болуп бирге окуп, бирге ойноп жүргөнбүз. Ниймат ава ошондо эле теңтуштарынан бир топ тың болчу. Сабактан кийинки убактарыбызда балдарды чогултуп алып ар кандай кызыктуу ойундарды уйуштуруп жиберчү. Колхоздун майда чарбалык иштерине да балдарды ынандырып ээрчитип барып, жумушчуларга кол кабыш кылып, атханаларды, уй сарайларды тазалашканга жардам берчүбүз. Колхоздун чарбалык аттарын сугарып келели деп ат багардан сурап чыгып талаада койдун терисин, эски таардын бир бөлүгүн улак тартышып ойноп, аттарды минип чаба берип тердетип келип ат багардан сөгүш уккан күндөрдү эстесем азыр да күлөм.
Кийин эр жетип эмгектенип, эл көзүнө көрүнүп, жетекчилик иштеринде да чоң ийгиликтерди жаратып, айылдык керек-жарак коомун башкарып турган учурда бир топ алгылыктуу иштерди жүргүзүп, көйгөйлүү маселелерди жакшы жолго салып, чече билген дасыккан жетекчи катары элге төбөсү көрүнгөн кадыр барктуу-инсан болгон. Кайсы гана жумушту аткарбасын, иштин майын чыгара билген адам болчу, кайран авам. Элибиз эгемендүүлүккө жетип, жаңы доордун башталышында өлкөдө болуп жаткан башаламандыктын кесепетинен элибиз каржалып кыйналып, оор турмушту башынан өткөрүп турган учурда Ниймат авам жеке дыйкан чарба уюштуруп, балдары мен тикеден-тик туруп, дыйкан чарбасын жакшы жолго салып, чарбалык техникаларды алып, жеке эле өздүк чарбасын жүргүзүү менен алек болбостон, элдин үлүш жерлерин айдап, эгип, дан эгиндерин оруп-жыйноодо, малга тойут камдоодо элге чоң жардам берип, калктын рахматын алган ардактуу инсан болчу. Элине ак эмгеги менен белгилүү болгон, өрнөктүү өмүр сүргөн асыл адамдын жаркын элесине ушул ырымды арнадым.
Жакшы адамга 
Эгер кудай жакшы адамды өлбөс кылып жаратса.
Жамандары кете бермек барса келбес тарапка.
Мына ошондо элди бузган жамандары жок болмок,
Жакшылардын жолун тоспой жакшы жолдо баратса.
Мына ошондо жердин бети жамандардан кутулуп,
Жер бетинде көбөйүшмөк жакшылары утуру.
Эл ичинде болгон сайын жакшылыктын учуру,
Жамандыкты уруп кетмек жакшылардын кусуру.
Бир жакшысы калыс болуп элди турса башкарып,
Миң баатыры эмгектенсе ишеничти аткарып.
Ата эненин үмүттөрү келечекте акталып
Жаштарыбыз улуулурдан таалим алса такшалып.
Мына ошондо жакшылардын жаны түшпөй кейишке,
Жашай бермек жакшынакай жер бетинде бейиште.
Элибизден оомат кетпей, дөөлөт артып ишинен,
Эмгегинен үзүрлөнүп жете бермек жеңишке.
Абдиллабек АВАЗОВ