Айдаркен шаарында жана Шак-Шак айылынын эли менен милиция кызматкерлери жолугушуу өткөрүп, элдин көйгөйүн укту.
Жолугушууга келген эл айылдын коопсуздугун сактоо максатында бир топ сунуштарын айтышты.


Негизинен бул аймакта алдамчылык, батир уурулуктары көп катталып, бети ачылган.
Кадамжай РИИБнин милициянын көчмө кабылдамасы түзүлгөн графиктин негизинде район аймагынан алыс жайгашкан айыл тургундарынын арыз-даттанууларын кабыл алат. Милициянын көчмө кабылдамасынын ишмердүүлүгүнө ыраазы болгон эл, мындан ары да милиция кызматкерлери менен биргеликте иш жүргүзөөрүн белгилеп кетти.
Айдаркен аймактык милиция бөлүмчөсүндө 2020-жыл ичинде 77 кылмыш катталып, 74 кылмыштын бети ачылган.

Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы