Садыр Жапаров телеграмм баракчасына төмөнкүдөй билдирүү калтырган:

«Урматтуу мен Мекенчилмин деп күйгөн замандаштар!

Коррупция жоголбой жатат, коррупция менен күрөшөбүз деп, өз билемдик кылганды токтоткула! Коррупционерлерди мыйзамдуу жолдор жана мамлекеттин күчү менен жок кылабыз. Ал үчүн бир аз гана убакыт керек.
Мен бир күн жумушка чыга элекмин. Реформа баштала элек. 28-январь ант берүү күнүнөн кийин расмий ишке киришкенимден баштап, реформалар башталат. Жаңы өкмөт түзүлөт. Өкмөттүн жаңы структурасы болот.
Апрель айында жаңы конституция кабыл алынат. Андан кийин жаңы мыйзамдар иштей баштайт.
Ошентип май-июнь айларына барып гана саясий процесстер бүтөт. Ошондон кийин гана коррупционерлерди мыйзам чегинде жок кылабыз. Ал эми бүгүн эле ар кайсы аймактарга жетип барып, мен коррупция менен күрөшүүчүмүн деп, эл арасына бүлүк салып, чагымчылдык кылып жүргөндөрдү токтоткула!
Андайларды мекенчил эмес, мага десе бир тууганым болсо да камагыла дээр элем.
Биз мыйзамдуу өлкөдө жашашыбыз керек. 30-жыл чыдаган эми алты ай чыдагыла! Бир күн иштей элек жатсам жаңы бийлик иштебей жатат деген дооматыңар калыстыкка жатпайт.
Чагымчылдыктын, бирөөлөрдүн куралы болуштун дагы чеги болуш керек….», — дейт Садыр Жапаров.