Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов кармалды. Бул тууралуу анын жактоочусу Икрамидин Айткулов жергиликтүү маалымат каражаттарына  билдирди.

Анын айтымында, ИИМдин мурунку кызматкери саат 16:55те кармалган жана ага «курал жарак менен имаратты басып алуу” беренеси боюнча айып коюлуп жатат. Азыркы тапта ал Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилгени маалым болду.

«Бул саясий негиздеги иш. Курсан Асанов Ички иштер министрлигинин имаратына ошол кездеги Коопсуздук Кеңешинин катчысынын орун басары болуп турган Өмүрбек Суваналиевдин көрсөтмөсү менен келген. Департаменттин жетекчилиги жеринде болгон эмес. Ал талап-тоноолордун алдын алуу максатында жүргөн жана ал абалды тартипке келтирди. Рахмат дегендин ордуна аны кармашканы акыйкатсыз болду. Курсан Асанов эч нерсеге кол койгон эмес, кадр маселесин да чечкен эмес”, — деди Айткулов.