«Ала-Тоо» аянтында жаңы шайланган президент Садыр Жапаровдун инаугурациясы түз эфирде онлайн көрсөтүлөт. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдирди.
Азыркы тапта иш-чарага даярдык катары Манастын эстелигинин жанына LED-экран орнотуу үчүн металл конструкциялары орнотулуп жатат. Экрандан борбор калаанын коноктору салтанатты чоң экрандан көрө алышат.
Эскерте кетсек, инаугурация 28-январда Улуттук филармонияда өтөт.
Инаугурация маалымат каражаттарынын катышуусуз өтөрү маалымдалды.