Латвия менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн билим берүү жана илим жаатындагы кызматташуу боюнча эки тараптуу келишимге ылайык, Латвия тарабынан 2021-2022-окуу жылына карата стипендия бөлүндү.
Кыргызстандын жарандары Латвиянын жогорку окуу жайларында билим алуу үчүн аталган өлкөнүн мамлекеттик стипендиялык программасына катышса болот.
Бул: бакалавриат, магистратура жана докторантура программалары (10–11 ай);
илим изилдөө мекемелеринин же жогорку окуу жайларынын кызматкерлери үчүн илимий же илим изилдөө иштерин жүргүзүү;
студент жана профессордук-окутуучулар курамы үчүн жайкы мектеп.
Окутуу латыш жана англис тилдеринде жүргүзүлөт.
Документтерди жана талапкерлерди кабыл алууну Латвия тарап онлайн система аркылуу жүргүзөт.
Документтер 2021-жылдын 1-февралынан баштап 1-апрелге чейин кабыл алынат.
Стипендиялык программанын шарттары, талаптары жана башка жагдайлары боюнча кеңири маалыматты бул шилтемеден алсаңыз болот: www.viaa.gov.lv/scholarships.
КР ББИМдин басма сөз кызматы