Өзбекстанда президенттик шайлоо быйыл октябрда өтүшү мүмкүн. Маселе өлкө парламентинин Мыйзам чыгаруу палатасында 25-январда талкууланды. Дүйшөмбү күнү каралган «Шайлоо мыйзамдарын жакшыртууга байланыштуу Өзбекстан Республикасынын айрым мыйзамдык актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоорунда шайлоо күнүн октябрдын үчүнчү декадасынын биринчи жекшембисине которуу сунушталууда.
Эгер бул өзгөртүүлөр жактырылса, Өзбекстанда президенттик шайлоо 2021-жылы 24-октябрда өтүшү мүмкүн. Өзбекстанда акыркы президенттик шайлоо 2016-жылы 4-декабрда өткөн.
Булак: Биринчи радио