Кыргызстанда сексуалдык зомбулуктан жабыр тарткан жашы жете электердин 80% тааныштары жана туугандары тарабынан жасалат.
Балдарга карата сексуалдык ыдыктын жарымы үйүндө же конокто жасалат.
Ата-энелер балдарыңыздарга сак жана жоопкерчиликтүү болуңуздар! Балдарыңыздарды зомбулуктан коргогуңуз келеби? Төмөнкү эрежелерге үйрөтүңүздөр!
-“Жок” деп айтканды үйрөн”. Өзүндү сыйла. Өзүңдүн макулдугуң жок сенин денеңе эч ким жолоого укугу жок. Ким тийишип мындай көрүнүштү жасоого аракет кылып жатса ал боюнча бардыгына айтуудан уялба.
— Белгилүү каттам менен үйгө жет. Зарылчылык жаралган учурда такси кызматын чакыр, жолдогу унаага отурба;
— Подьездге, лифтке кирүүдөн мурда тегерегиңди кара, тааныш эмес адам менен кирбе;
— Эгерде кимдир бирөө сага кысым көрсөтүп, сага жакпаган нерселерди жасаганы жатса, “Жок” деп айт. Бул жөнүндө ишенимдүү улуу адамдарга айтып бер.
— Бейтааныш адамдар сунуштаган суусундуктарды ичпе;
— Каякка бара жатканы, качан келээри жана качан байланышыш керектиги тууралуу жакындарына билдирип тур;
— Эркек адамдар менен жалгыз калуудан алыс бол, алар туугандарың болсо дагы. Үйгө ата-энелериңер жок эркек адамдарды киргизүү коркунучтуу;
— Түнкү маалда көчөдө жана конокто карманба;
— Башка бирөөнүн унаасына, кошунаңдыкы болсо дагы отурба;
— Өзүңдүн коопсуздугуңа кам көрүүгө укуктуусуң, бул сый көрүнбөсө дагы;
“Менин милициянын аймактык инспекторум” жана “112 Кыргызстан” тиркемелерин уюлдук телефонуна көчүрүп берүү керек. Алар жардам жөнүндө билдирүүнү тез арада берүүгө мүмкүнчүлүк берип, андан сырткары өзгөчө кырдаалдарда эмне кылуу керектиги жөнүндө маалыматтарды алууга болот.
Зомбулук болгон учурда эмне кылуу керек?
— Өз балдарыңызга ишенүү керек;
— Кылмыштын издерин сактоо керек-жунбоо, кийимдерди, ич кийимдерди ыргытпоо жана жуубоо керек;
— Милицияга жана медициналык мекемеге кайрылуу керек. Биринчи 72 саатта дарыгер ВИЧтин, жыныстык жугуштуу оорулардын жугушунун алдын алууга, күтүлбөгөн жерден бойго бүтпөөсүнө жардам берет.
— Зомбулукка кабылган жашы жете элекке психологиялык жардам берүү керек.
Күмөн санабаңыз, сиздерге жардам берет!
102-милиция кызматы
112-112 кызматы
111-балдар үчүн ишеним телефону.

ИИМдин Басма сөз кызматы