2021-жылдын 20-январында Кыргыз Республикасынын ИИМдин МАККББнын 2020-жылдын 12 ай ичиндеги кызматтык ишмердүүлүктү жыйынтыктоочу ыкчам кеңешме болуп өттү. Бул иш-чарага Кыргыз Республикасынын ИИМдин министринин орун басары милициянын полковниги Урмамбетов Октябрь Жолдошевич жана Кыргыз Республикасынын ИИМдин Күзөт кызматынын начальниги милициянын полковниги Акматов Талантбек Уметалиевич, ошондой эле Күзөт кызматынын түзүм бөлүмдөрүнүн башчыларынын катышуусунда болуп өттү.


Ыкчам кеңешме Күзөт кызматында көптөгөн жылдардан бери үзүрлүү эмгектенип келген мурдагы начальниктин орун басары милициянын полковниги Джумабаев Эркин Кубановичти ардактуу эс алууга узатуу менен башталды.
Андан соң, ИИМдин министринин орун басары милициянын полковниги Урмамбетов Октябрь Жолдошевич “Эркин Кубанович сизди ардактуу эс алууга чыгышыңыз менен куттуктайм. Сиз ак ниетиңиз менен көп жылдар бою эмгектендиңиз. Күзөт кызматына кошкон салымыңызды, баалайбыз, ийгилик каалайм” — деп каалоосун айтып, Кыргыз Республикасынын ИИМдин министрдин тарабынан белек катары берилген саатын тартуулады.
Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Күзөт кызматынын начальниги милициянын полковниги Акматов Талантбек Уметалиевич “Сиздин мол тажрыйбаңыз, жаш кызматкерлерди тарбиялоого Күзөт кызматынын ишмердүүлүгүн жакшыртууга кошкон салымыңыз үчүн ыраазычылыгыбызди билдиребиз”, — деп каалоо тилегин айтып, Күзөт кызматынын атынан салтка айланган ак чапан жана калпак кийгизип, белектерин тартуулады.
Андан сырткары, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Күзөт кызматынын түзүм бөлүмдөрүнүн начальниктери куттукташып, өз каалоолорун айтышты.
2020-жылдын 12 ай ичиндеги Кыргыз Республикасынын ИИМдин Күзөт кызматынын кайратуусундагы мекемелердин жана батирлеринин ишенимдүү сактыгы боюнча менчик ээлеринин алдында келишимдердин милдеттерин аткарууга, кылмыштуулук жана укук бузууларга каршы күрөшүүлөргө, өздүк курамдын күжүрмөн жана кызмат деңгээлин жогорулатууга жана ошондой эле мыйзамдуулукту жана кызмат тартибин сактоосуна багытталган бир катар иш-чаралар жүргүзүлдү.
Кыргыз Республикасынын ИИМдин Күзөт кызматынын башчысы Талантбек Акматов кеңешменин жүрүшүндө Күзөт кызматы тарабынан коюлуп жаткан айрым бир тапшырмалар аткарылбай калган жаткандыгын да баса белгилеп, кээ бир бөлүм башчыларын катуу сынга алып, кемчиликтерди ушул жылдын 12 айдын жыйынтыгы менен жоюу талаптарын айтып, ар бир түзүм бөлүмдөрү тарабынан кайтарууга алынган мекеме-чарбаларды каракчылыкка жана уурулукка жол бербөө аракеттери катуу көзөмөлгө алуу тууралуу баса белгиледи.
Ыкчам кеңешменин жыйынтыгында 2021-жылга карата бир нече тапшырмалар берилди.

ИИМдин Күзөт кызматынын Басма сөз кызматы