Кыргызстанда бир суткада коронавирус 107 адамдан табылып, 3 бейтап каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкекте коронавирус – 45 адамдан, Ош шаарында — 1, Чүй облусунда – 27, Ош облусунда – 16, Талас облусунда – 1, Нарын облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда – 11, Жалал — Абад облусунда – 5 кишиден табылган.

Ал эми бир сутка ичинде 148 адам коронавирустан айыгып чыккан.