УКМК мыйзамсыз баюу жана коррупцияга шектелип кармалган мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин турак жайларын жарыялады.

Ал мамлекеттик кызматта иштеп турган чагында активдери кескин көбөйүп, расмий түрдө тапкан кирешесинен бир нече эсеге көп чыкканы айтылат.

«Кирешесин адалдаштарыуу максатында Бишкек шаарынан жана Чүй, Ысык-Көл облустарынан кымбат баалуу кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктөрдү сатып алган. Ошондой эле элиталык көп кабаттуу үйлөрдү куруу тармагына акчасын салган. Кылмыш жоопкерчилигинен качуу үчүн аталган активдерин ортомчу адамдарга каттаган», — деп айтылат маалыматта.

Абылгазиев кечээ, 26-январда, УКМКга сурак бергенден кийин кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тергөө жүрүп жатат.