Криминалдык милиция кызматынын курамындагы Үчүнчү Башкармалык тарабынан криминалдык чөйрөнүн өкүлдөрүнүн мыйзамсыз кыймыл-аракеттерин ооздуктоо, жарандарга жана ишкерлерге карата алар тарабынан жасалып жаткан опуза талоончулук менен каракчылыкка, ошондой эле уюшкан кылмыштуу топтордун кирешелерин легалдаштырууга бөгөт коюу, тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте уюшкан кылмыштуу топтордун каржы булактарын аныктоо жана көзөмөлдөө, мурда жасаган кылмыштардын бетин ачуу максатында бир нече уюштуруу иш-чаралар аткарылды.
2020-жылдын 12 ай ичинде ички иштер органдарынын кызматкерлери кызматкерлери тарабынан 172 уюшкан кылмыштуу топтордун субъектилери ар кандай кылмыш фактылары боюнча кармалган жана кылмыш жообуна тартылууда.
Кармалган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү тарабынан жасалган кылмыштар:
киши өлтүрүү – 3, денеге оор залал келтирүү – 6, адам уурдоо – 2, опуза-талап –15, каракчылык – 7, тоноо – 2, алдамчылык – 28, бейбаштык – 25, уурулук – 14, мыйзамсыз курал сактоо – 10, баңгизаттарга байланыштуу – 3 жана башка 17 кылмышты жасашкан. Ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан 2020-жылдын 12 ай ичинде УКТнын субъектилери ар кандай кылмыш фактылары боюнча кармалгандардын ичинен 9 адам криминалдык чөйрөдө жогорку статусун алып жүргөндөр.
2020-жылы ичинде уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүнөн мыйзамсыз жүгүртүүдөн алынган курал-жарактар – 13, калашников автоматы – 1, тапанча – 6 ( “ПМ-9мм”–2 даана, белгисиз маркадагы – 2, газо-травматикалык МР–80–137 үлгүсүндөгү травматикалык тапанча, ФОРТ-12 Р калибрдүү – 10 ), мылтык–6 даана (12–калибрдүү“Эскорт” – 1 даана, 16-калибрдүү сайсыз мылтык – 2 д., Иж-27 – 1 даана, ТОЗ-28 – 1 даана, «AKKAR-KARATAY» үлгүсүндөгү «Винчестер» -1 д.) жана ок-даары – 33 (9мм-6д., 89-патрон).

Ушул эле убакыттын ичинде мыйзамсыз жүгүртүүдөн ондогон курал-жарактар алынган. Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн кылмыштуу жол менен табылган кирешелерин легалдаштырууга бөгөт коюу багытында КЖКнин 215-беренеси менен 6 сотко чейинки өндүрүш иши тергелүүдө. ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга каршы күрөшүү бөлүмү тарабынан 2020-жылдын 12 айында жалпысынан 55 кылмыш иши кылмыштарды жана жоруктарды каттоонун бирдиктүү реестрине катталып, азыр тергөө жүрүүдө.
Ошондой эле ИИМдин уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын жана анын бөлүмдөрүнүн кызматкерлери тарабынан 403 жалпы мүнөздөгү кылмыштардын бети ачылган, алардын арасында 22 адам соттон жана тергөө амалдарынан качып жүргөндөр кармалган. Ачылган кылмыштардын катарына киши өлтүрүү, каракчылык, адам уурдоо, тоноо, зордуктоо, опуза-талап, алдамчылык, уурулук, баңгилик каражаттарды мыйзамсыз сактоо, ок атуучу куралды жана жардыруучу жаттарды мыйзамсыз сактоо, кызматтык абал менен кыянаттык менен пайдалануу, документтердин жасалмаларын пайдалануу, мыйзамсыз кирешелерди легалдаштыруу кылмыштары болуп эсептелет
Ал эми учурда уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш күчүндө турат жана ал ИИМдин ишмердүүлүгүндө кылмыштуулукка каршы күрөшүү негизги багыттарынын бири экендигин белгилейбиз.

ИИМдин Басма сөз кызматы