Кыргыз эл акыны, сүрөтчү Рамис Рыскулов 87 жашында көз жумду. Бул тууралуу маалыматты Кыргызстан жазуучулар союзунун төрагасынын орун басары Керимбек Кадыракунов билдирди.

Маркум көптөн бери ооруп жүргөн.

“Кечээ түнкүсүн саат 12лерде каза болду. Жашы 87ге чыкты, ал киши көптөн бери ооруп жүргөн. Маркумдун сөөгү “Ала-Арча” көрүстөнүнө коюлат. Уюштуруу иштери жүрүп жатат”, — деди ал.

Кадыракунов ошондой эле Эл акыны менен коштошуу зыйнатын эртең, 28-январда, өткөрүү пландалып жатканын кошумчалады.

Рамис Рыскулов 1934-жылы 9-сентябрда Чүй облусунун Москва районундагы Кызыл-Тоо айылында туулган.

Эл акыны чыгармачылык жолунда ондогон ыр китептердин, ыр жыйнактарынын автору болгон.