Ноокенде өспүрүм кыздан опузалап акча талап кылган жаран кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ноокен райондук ички иштер бөлүмүнө 42 жаштагы А.Д. аттуу жергиликтүү тургун арыз менен кайрылып, өз арызында 2020-жылдын декабрь айынан баштап 16 жаштагы кызын Базар-Коргон районунун 21 жаштагы тургуну “жылаңач сүрөттөрүңдү интернетке чыгарып жиберемин” деп коркутуп, үйүндө турган 300 миң сомдук алтын буюмдарын алып чыгып саттырып, акчаларын өз кызыкчылыгы үчүн пайдаланып жибергендигин билдирип, мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган.

Бул окуя боюнча топтолгон материалдар 2021-жылдын 14-январында Ноокен РИИБдин КЖБРне КРнын Жазык кодексинин 203-беренеси (Опузалап талап кылуу) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Аталган фактынын бетин ачуу максатында Ноокен РИИБдин Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында Базар-Коргон районунун 20 жаштагы тургуну К.Б. кармалып, тергөөгө камсыз кылынып, жасаган ишин толугу менен мойнуна алган жана тергөө тарабынан Ноокен РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Тергөөнүн жүрүшүндө К.Бнын баш коргоо чарасы Ноокен райондук сотунда каралып, үй камагына алуу бөгөт чарасы тандалып алынган.

Учурда тергөө иштери уланууда.