Өткөн жылдын 5-октябрдагы революцияда жаракат алгандар «Кыргыз үмүтү» коомун түзүштү. Бул тууралуу аталган коомдун жетекчиси Саламат Алмазбек уулу билдирди.

Анын айтымына караганда, аталган коом өткөн жылдын 5-октябрда орун алган баш аламандыктан кийин түзүлгөн. Азыркы учурда коомдо 120 киши мүчө.

«Кыргыз үмүтү» коому октябрь окуясынан кийин бир апта өткөн соң түзүлгөн. Бул коомдо баш аламандыкта жаракат алгандар чогулганбыз. Өзүбүздүн юридикалык укуктарыбызды коргойбуз деген максатта түзүлгөн. Коомдо 120 киши мүчө. Алардын баары 5-октябрда жаракат алган жарандар», — деди Саламат Алмазбек уулу.

Эске салсак, өлкөдө 2020-жылы 4-октябрда парламенттик шайлоо болуп өтүп, 5-октябрда шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон жарандар митингге чыгышып, баш аламандык орун алды. 6-октябрга караган түнү митингчилер Ак Үйдү басып алышкан. Митингде 19 жаштагы Үмүтбек Алтынбек уулу ооруканада көз жумган.