Учурда Кыргызстанда жалпы 1 021 бала бакча кадимки тартипте иштеп жатат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашты.

Ага ылайык, кадимки тартипте балдарга тарбия берип жаткан бакчалардын ичинен 633ү мамлекеттик болсо, 388и менчик бала бакчалар.

Аймактар боюнча алганда Бишкек шаарында 11 мамлекеттик, 250 жеке менчик бакча реалдуу режимде иштеп жатканы айтылды. Ош шаарында болсо 44 мамлекеттик, 20 жеке менчик бакча балдарга тарбия берүүдө.

Калган аймактар:

  • Талас облусу — 42 мамлекеттик бала бакча;
  • Нарын облусу — 28 мамлекеттик, 1 жеке менчик бала бакча;
  • Чүй облусу — 63 мамлекеттик, 45 жеке менчик бала бакча;
  • Ош облусу — 244 мамлекеттик, 21 жеке менчик бала бакча;
  • Жалал-Абад облусу — 55 мамлекеттик, 23 жеке менчик бала бакча;
  • Баткен облусу — 114 мамлекеттик, 21 жеке менчик бала бакча;
  • Ысык-Көл облусу — 32 мамлекеттик, 7 жеке менчик бала бакча иштеп жатат.