Дүйнөнүн чоң шаарларындагы абанын сапатын иликтеген «World Air Quality» уюму орноткон жабдыктар 25-январга караган түнү саат 3кө карата баш калаада абанын сапатынын индекси (AQI) 279 болгонун көрсөттү.
Аталган уюмдун эртең мененки саат 8деги маалыматына караганда, Бишкектин борбордук бөлүгүндө индекс 199га түштү.
Кыргызстандын борбору дүйнөлүк рейтингде кайрадан биринчи орунга чыкты. Алдыңкы он сапта Бишкектен кийин Индиянын Дели, Колката, Мумбай, Кытайдын Шэнян, Бээжин, Пакистандын Лахор, Непалдын Катманду, Бангладештин Дакка, Вьетнамдын Ханой шаарлары турат. Бул калааларда индекс 173төн 197ге чейинки санды көрсөтүүдө.
Азыркы тапта Бишкектин четиндеги Ак-Өргө конушунда абанын индекси 450 деп белгиленип, кооптуу чектен ашты. Красный строитель көчөсүндө бул индекс 428, Новопавловкада 410, Аламүдүндө 399, Энесай 388, Новопокровка 344, Пишпек 315, Жумушчулар шаарчасы 292, Ала-Тоо 291, Арча-Бешикте 289 болду.
Эреже боюнча индекс 50дөн ылдый болгондо гана ден соолукка коопсуз деп эсептелет.
Абасы ден соолук үчүн опурталдуу деген шаарлардын дээрлик баары Азияда.
«World Air Quality» уюму жарандарга көчөдө тынымсыз беткап тагып жүрүүнү, аба тазалаган жабдууларды колдонууну, үйлөрдө, кеңселерде терезелерди бек жаап, сырттан аба киргизбөөнү, көчөдө көп жүрбөөнү сунуш кылып келет.
Бишкек абанын булганышы боюнча ноябрдан январдын ортосуна чейин дээрлик алдыңкы он саптан түшкөн жок. Өткөн аптада изилдөөлөр шаарда аба тазарганын көргөздү. 24-январдан тартып абанын сапаты кайра начарлай баштаганы байкалды.
Булак: Азаттык үналгысы