Кыргызстанда бир суткада коронавирус 128 адамдан табылып, 3 бейтап каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкекте коронавирус – 48 адамдан, Чүй облусунда – 60, Нарын облусунда – 6, Ысык-Көл облусунда – 9, Жалал — Абад облусунда – 5 кишиден табылган.

Ал эми бир сутка ичинде 151 адам коронавирустан айыгып чыккан.

“Бишкекте – 54, Ош шаарында – 2, Чүй облусунда – 49, Ош облусунда – 14, Нарын облусунда – 5, Ысык-Көл облусунда – 19, Жалал-Абад облусунда – 7, Баткен облусунда — 1 киши коронавирустан айыгып чыкты”, — деп айтылат штабдын билдирүүсүндө.

Коронавирустан жалпы 1 миң 408 жаран көз жумган. Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкекте 3 адам каза болду.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 618 бейтап, амбулатордук түрдө 863 адам дарыланууда.

“Бир сутка ичинде өлкө боюнча медициналык кызматкерлер арасында коронавирус жуктуруп алган 2 учур катталды. Үй карантининен 2, стационардан бир медкызматкер айыгып чыкты. Пандемия башталгандан бери 4 миң 170 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 83 медкызматкер айыгып чыкты”, — деп билдирет штаб.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 84 миң 303 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 80 миң 481 киши айыгып чыкса, 1 миң 408 адам каза болду.