Ата журт ар бир жаран үчүн баа жеткис байлык болуп саналат, Ата Мекенибиздин ар бир топчудай болгон таштары, күч-кубат берген жери, майда топурагынан бери мамлекеттин ар бир жараны үчүн маанилүү.

Анткени, биз бул дүйнөгө ыңаалап келгенде эң биринчилерден болуп өз апабыз кучагына алып, алгач эле ата мекенибиздин абасы менен жетилет эмесбизби. Ал эми мекенибиздин жылуу кучагында эркин жашообуз үчүн аны көздүн карегиндей сактоодо күндүн ысык-суугуна карабастан, ар убакта ар кандай күтүлбөгөн кырдаалдарда, алдыга коюлган тапшырмаларды так аткарып ар дайым эл менен тыгыз байланышта болуп, өзүнүн негизги кызматтык милдетин аткаруу менен бирге, спорт жаатында дагы бир канча жолу ийгиликтерди багындырган каарманыбыз ИИМдин “Шумкар” Атайын багыттагы полкунун Ыссык-Көл облусу боюнча атайын операциялар отрядынын ыйгарым укуктуу ыкчам жоокери милициянын лейтенанты Бекжанов Мирбек Советович. Бекжан мектепте окуп жүргөндө кезинден баштап спорт чөйрөсүндө бир топ ийгиликтерди жаратып райондук жана областык мелдештерден бир канча жолу байгелүү орундарды жеңген. 2001-жылы “Самбо” күрөшү боюнча спорттун чебери наамын алган. 2004-жылы атуулдук милдетин аткаруу үчүн ИИМдин Ички аскерлеринин спорт ротасында кызмат өтөгөн. 2014-жылдан баштап ИИМдин “Шумкар” Атайын багыттагы полкунда кызмат кылууда. “Самбо” боюнча бир нече жолу Азия чемпионатарына катышып, Астана, Ташкент шаарларында өткөрүлгөн мелдештерде байгелүү орундарын жеңген. В.Гордеевдин жаркын элесине арналып жыл сайын өтүлүүчү “Самбо” боюнча мелдештин 5 жолку, ИИМдин “Самбо” күрөшү боюнча жыл сайын өткөрүлүп келе жаткан мелдештин 10 жолку чемпиону наамына татыган биздин каарман Ысык-Көл облусунун Дархан айылында туулган. Үй-бүлөлүү, 3 кыз, 1 уулдун атасы.

“Толкун болот деңиздин күчтүү жери,
Толкундай бол кыргызымдын жигиттери.
Токсон-тогуз өнөрдүн ээси бол деп,
Тоолук эне төрөгөн сени, мени”, — деп ыр саптарында айтылгандай, Мекен үчүн кызмат өтөп жаткан уул-кыздарыбыздын иштерине ийгилик.

ИИМдин “Шумкар” АБПнын Басма сөз кызматы