Кыргызстандын жаңы шайланган президенти ант берип, расмий түрдө президенттик кызматка киришти.

Борбордук шайлоо коммиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова Садыр Жапаровго президенттин күбөлүгүн, штандарт жана төш белгини тапшырды.