Түркиянын Коргоо министрлиги «Ислам мамлекети» террордук уюмунун согушкери болгон деген шек менен үч кыргызстандык жаранды кармады. Бул тууралуу ведомствонун сайтында жазылды.

Жалпысынан түркиялык күч органдары Рейханлы шаарына жакын жерден Түркияга мыйзамсыз кирүүгө аракет кылып жаткан 12 адамды колго түшүргөн.

«2020-жылдын 31-декабрында Сириядан мыйзамсыз түрдө Түркияга кирүүгө аракет кылган 12 киши кармалып, Рейханлы шаарынын полициясына өткөрүлгөн. Алардын арасында кыргызстандыктардан тышкары Өзбекстандын төрт жана Россиянын беш жараны бар», — деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле кармалгандардын бири Интерпол аркылуу эл аралык издөөдө жүргөнүн кошумчалады. Бирок ал кайсы өлкөнүн жараны экени так айтылган жок.