Казакстандын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаев Кыргызстандын жаңы президенти Садыр Жапаровду мамлекет башчылык кызматка киришүүсү менен куттуктады.

Назарбаевдин куттуктоо катын 28-январда Жапаровдун инаугурациясы учурунда анын атайын өкүлү Жансеит Туймебаев окуп берди.

Өз сөзүндө Назарбаев Жапаровдун элдин жаркын келечегине, Кыргызстандын эл аралык аренадагы беделин жогорулатууга багытталган аракеттерине тилектеш экенин билдирип, эки өлкө ортосундагы достукка, стратегиялык шериктештикке негизделген ынтымак мамилелердин өнүгүшүн каалады. Садыр Жапаровго бекем ден соолук, кыргыз калкына кут-береке жана өсүп-өнүгүү тилей турганын билдирди.

2020-жылдын октябрындагы бийлик алмашуудан кийин өлкө жетекчилигине келген Жапаров быйыл 10-январда мөөнөтүнөн мурда өткөн президенттик шайлоону жеңип, бүгүн, 28-январда кызматка расмий түрдө киришти. Инаугурация салтанаты Улуттук филармонияда өттү.

Өз сөзүндө жаңы президент Кыргызстандын тышкы саясаты көп векторлуу болорун, Орусия, Казакстан жана Өзбекстан тышкы саясаттагы артыкчылыктуу багыт экенин белгиледи.