Кечээ соцтармактарда депутат Камчыбек Жолдошбаев ортонун көрсөтүп, сөгүп салганын видео тараган. Депутаттын одоно мамилеси, балп этме сүйлөгөндөрү буга чейин да бир нече жолу талкуу болгон. Ал ал дейли. Октябрь окуяларынан кийин Жолдошбаев Ак үйдөгү Төраганын кабинетин ээлеп алганын өздүк булактар билдиришти. Айтымында, ал кабинетти Жолдошбаев 1 миллион сомго оңдоп-түзөтөт экен. Чын эле ондотобу же дагы ортоң колун көрсөтүп басып кетеби?