Бийиктик (Рамис Рыскуловго)

523

Бийиктик

Рамиске арнайм

1

Мен феномен, чанда келчү улуу жан,

Бийиктигим аскалардай шаңкаят.

Ой берметин түбүнө алган чөгөрүп,

Тереңдигим океандай чайпалат.

 

Идеялар чагылгандай чартылдап,

Улуу Көктөн турат мээме чагылып.

Ыйык нурлар дал төбөмдөн куюлуп,

Таманымдан турат жерге агылып.

 

Бүт турпатым нурга тунуп жалтырап,

Жан дүйнөмдү ээлеп алган улуулук.

Көкүрөгүм аруулукка жык толуп,

Жүрөгүмдө ойноп турат сулуулук.

 

Көтөрө албай өз кудурет күчүмдү,

Күндөр болот ташкындаган, толкуган.

Мен ошондо чексиз күчкө ээ болуп,

Турмуштагы болбостукту болтурам.

 

Чийип таштап пендечилик мыйзамын,

Жок кыламын майда барат жашоону.

Жер-дүйнөнү калп жашоого байланган,

Сунуш кылам чындык менен кароону.

 

Өмүрлөрдү махабатсыз жашаган,

Айрып таштап булганган ак барактай.

Адамдарды арамдыкка чыланган,

Адамдыктан чийип таштайм жаратпай.

 

Календердей жер кыдырып, эл кезип,

Бардык жанды аруулукка чакырам.

Бул дүйнөнү таза жандар сактайт деп,

Пайгамбардай сүйлөйм Теңир атынан.

 

2

Мен гигантмын пирамида сыяктуу,

Бүткүл космос нурталаасы чогулган.

Чордонумун бүткүл дүйнө, ааламдын,

Бүт турпатым ыйык күчтөн токулган.

 

Телемостмун планеттер аралык,

Спутникмин асман, жерди айланган.

Устунумун түбөлүктүү жашоонун,

Жердин огу бой тулкума байланган.

 

Тең салмакта кармап турам жер шарын,

Бир мезгилде чыгарбастан Ай, Күндү.

Таразалап ак, караны бипбирдей,

Кезек менен алмаштырып күн-түндү.

 

Планеттерди кагыштырбай тизгиндеп,

Жылдыздарды түбөлүккө жандырам.

Көк менен жер ортосунда жүрүүчү,

Жандар үчүн нур көпүрө салдырам.

 

Мен гигантмын пирамида сыяктуу,

Бүткүл космос нурталаасы чогулган.

Чордонумун бүткүл дүйнө, ааламдын,

Бүт турпатым ыйык күчтөн токулган.

 

3

Мен ыйыкмын Улуу Биримдик кутунун,

Касиетине жуурулушуп төрөлгөм.

Нур дүйнөнүн бейишиндей түбөлүк,

Көк асмандай көгөргөнүм, көгөргөн.

 

Бардык жерлер мен сүйлөгөн, мен жүргөн,

Тазаланат алтын түстөй жалтырап.

Ышка толгон көкүрөгү кир жандар,

Жолобостон качат менден калтырап.

 

Бүткөн мага бүт ааламдык касиет,

Улуу күндөй тегиз карайм бардыгын.

Наалыбаймын тагдырыма жердеги,

Жана да айтпайм бул дүйнөнүн тардыгын.

 

Топук кылып жашайм күндө тоюнуп,

Байлык дебейм буюмдарды жалтырак.

Андан көрө көөдөн толуп нурларга,

Дал төбөмдө турсун жанып шам чырак.

 

Анан дагы кырк чилтеним сүр баскан,

Айланамда жүрсө болду кайтарып.

Мен аркылуу арууланып башкалар,

Ыйыктыкка турса болду чайканып.

 

Мен ыйыкмын Улуу Биримдик кутунун,

Касиетине жуурулушуп төрөлгөм.

Нур дүйнөнүн бейишиндей түбөлүк,

Көк асмандай көгөргөнүм, көгөргөн.

 

4

Мен дербишмин бийиктиктин чегинен,

Чыгып кетип чектөөлөрдү талкалап.

Пендечилик мыйзамына баш ийбей,

Эркин жүрөм чексиздикте чалкалап.

 

Чуркап жүрөм жаш кулундай тайраңдап,

Жан дүйнөм бүт сулуулукка байланып.

Күчкө толуп жер бетинде учамын,

Көпөлөктөй сан гүлдөрдү айланып.

 

Көктөн учуп ырлар келет куюлуп,

Улуу, улуу ойлор келет дүңгүрөп.

Өзүмдү-өзүм башкара албай жинденем,

Так секирип, бийлеп, ырдап, күңгүрөп.

 

Бүркүт сымал шаңшып учам калдайып,

Мезгилдерден мезгилдерге сызамын.

Мен өзүмчө иштеп чыгып турмушту,

Калыптанган мыйзамдарын бузамын.

 

Адамзаттын кайгы-муңун, азабын,

Куржун сымал артып алып мойнума,

Пендечилик күнөөлөрүн көтөрүп,

Жүрөм тентип Ата-Журттун койнунда.

 

5

Мен гениймин узап кетип алдыга,

Өз доорумду койгом артка калтырып.

Келечектин колума алып камчысын,

Барам айдап мезгилдерди шаштырып.

 

Эрте жазда ташкындаган дайрадай,

Жарып өтүп чептей бийик тосмосун.

Көрүп бүтүп жердеги улуу жашоосун,

Учкам көккө башкарууга космосун.

 

Чексиздиктин мейкининде жол алып,

Жерди карап жети асмандык көз менен.

Акыл, ойду жетиле элек доорго,

Чачып турам ырдан турган сөз менен.

 

Ааламдардан ааламдарга учамын,

Бүт генийлик идеялар таратып.

Улуу Күндү жалтанбастан тик карайм,

Планеттерди таңгалдыра каратып.

 

Көктүн өкүм падышалыгын жоём да,

Эркин, бийик, аруу дүйнө курамын.

Жердеги бүт адамзаттын ойлорун,

Акыл-эстин асманына бурамын.

 

Мен гениймин, узап кетип алдыга,

Өз доорумду койгом артка калтырып.

Асман бийлеп, кут жаадырам жамгырдай,

Жылдыздарды урук сымал чачтырып.

Автору Нурлан Калыбеков