Анжелика: Тамактын даамын сезбей, күндүн иретин унутуп калдым

376

Ырчы Анжелика кыздары менен жол кырсыгына кабылгандан бери күн сайын ооруканада жатып, жаңылыктары жана абалы тууралуу социалдык тармак аркылуу күйөрмандары менен баарлашып турат. Ал азыр ар бир мүнөт маанилүү, баалуу өтүп жатканын айтты:

“Уйкунун таттуусун билбей, тамактын даамын сезбей, күндүн иретин унутуп калдым. Ар бир мүнөт өтө маанилүү, баалуу өтүп жатат.Жума күнгө койгон ниеттерибиз кабыл болсун”.