Дил маекКоом

Москвада пол жууп ишкерликке жеткен Феруза Сатарова

Москвада пол жууп, жеке ишкерликке чейин жеткен каарманыбыз Феруза Сатарова соцтармактын активдүү колдонуучусу. Эгиз уулдарынын кылык-жоругун, ишмердүүлүгү боюнча байма-бай жарыялап келет. Анын айтымында, адам ийгиликке жетүүдө сабырдуулукту жана талыкпас мээнетти талап кыла турганын баса белгилеп, миграцияда өткөргөн башынан сыноолорду ошол эле учурда жетишген ийгиликтери тууралуу кеп салды.

Алгачкы жумушум пол жуугандан башталды

— Орусияга иштеп, эмгектенип калышым күтүүсүз болду. Жолдошумдун кесиби дарыгер болгондуктан ординаторлугун Москвадан жактайым дегенинен 2010-жылы баламды Кыргызстанга таштап, жолдошум экөөбүз бул жака келдик. Келээрим менен өзүмө ылайыктуу жумуш караштыра баштадым. Сураштырып отуруп, “ири дүкөнгө товар тизүүчү кыз керек” дегенине кулагым чалып жумушка орношуп, иштеп калдым. Бул жакта бир тууган сиңдим дагы бар эле. Анын үйүндө жашасам жумушума алыс болуп калчудай, ишиме жакыныраак жерден эч кимди тааныбаган эле 3 батирдин бир бөлмөсүнө жашай баштадык. Ал убакта батирде жалпы 20га жакты адам жашачу. Ошол убактагы адамдардын кең пейилин эстесем ичимден абдан ыраазы болуп калам. Баарыбыз бир туугандай жашап, бир дагы урушуп, талашкан күнүбүз болгон жок. Бири-бирибиздин тамагыбызды бөлүшүп, жардам берип, колдоп турчубуз. Азыр болсо адамдардын пейили тарып, өз кызыкчылыгын көздөгөндөр көбөйүп кетпедиби.  

Кыргыздар ишибизге так эмес экенибизди бул жактан билдим

“Өз жериңдин кадырын бөтөн жерге барганда билесиң” дегендей алгачкы күндөрү баламды сагынып, үй-бүлөбүзгө болгон куса күч алды. Москвада жумуш, үй болуп, коендой окшош күндөр көбөйдү. Иштейм деп келген соң белимди бекем бууп, пул жууп болсо да намыстанбай маңдай тер менен иштөөгө туура келди. Менин бул жакта байкаганым жумушка болгон жоопкерчилик, өз мөөнөтү бүткөнчө иштөөнү талап кылат экен. Бизде Кыргызстанда болсо иштен эрте кетип, той-топур же жумуштарың чыгып калса суранып деле кетип каласыңго. Ал эми бул жакта андай кылууга такыр мүмкүн эмес. Кыргызстандагыдай бул жакта башыӊды сылай турган киши жок. Бул жака иштегени келдиӊби иштешиӊ керек. Убагында келип, баарын так аткарганды талап кылат. Мен Кыргызстанда иштеп жүрсөм дагы ишке кечигип барат элем. Кечинде эртерээк суранып кетип дагы калчубуз. Өз ишибизге так эмес экенибизди ушундан байкадым. Мекендештерибиз акырындык менен бул сапаттан арылып, сабак алып айтор өз ишине жоопкерчиликтүү мамиле кылгандар көбөйдү.

Адам ийгиликке жетем десе жумуш ылгабашы керек

Башында магазинде 12-16-саатка чейин иштеген учур болду. Түнү түшүмдө уйку сурасам дагы дагы «вам пакет нужин» деп сүйлөп түш жооруп чыккан күндөрүм дагы болду. Мындай иштөөгө көнбөгөн жаным баарына чыдоого туура келди. Москвага келгенде “жумушту ылгабайм, эмне иш болсо иштей берем” деген ниет менен келгем. Пол жуусам дагы адал жол менен акча таап, үй-бүлөмө жардам бергим келчү. Жаңыдан ишке орношкондо дүкөндүн ичин жууп тазалап, кийин товар тизип, андан соң кассага отуруп, андан ары көтөрүлүп администратор болгонго жетиштим. Көпчүлүк мекендештерибиз иш издеп, пол жууштан намыстанып, “Кыргызстанда мындай иште иштеген эмесмин” дешип жумуш тапкыча бир топ убактысын өткөрүп жиберишет. Мен бир жумушка кирсем катардагы кызматкерден жетекчиликке чейин көтөрүлдүм. Кийин медициналык борбордо багыт берүүчү болуп иштедим. Кош бойлуу болуп калгандыктан эгиздеримди төрөгөнүмдөн кийин үйдө отуруп калдым. Үйдө дагы ишсиз отурбайын деп айымдардын чач жасалгаларын үйдөн жасап, той кийимдерин ижарага берип, иштеп баштадым. Кийин кыздуу болуп, аларга көңүл буруп, бул ишимди убактылуу токтото турдум.

Сулуулук салонун ачканда абдан сүйүндүм

Россиядагы жетишкендигим катары карантинден кийин сулуулук салонун ачтым. Бул ишти баштоо кимдир бирөө үчүн жеңил туюлса, мен үчүн бир сомдон чогултуп, ушул ишти баштаганым мен үчүн чоң жетишкендик болду. Мындай иш менен буга чейин Кыргызстанда деле алек болуп, 2 сулуулук салонун ачып, иштеткем. Бири өзүмдүкү болсо, экинчиси даяр бизнес катары ачкам. Бирок, мен күткөндөй ишим шар жылбады. Ижарасына дагы жеткире албай калчумун. Ошол учурда Москвада дагы сулуулук салонун ачуу кыялымда бар эле. Анткени бул жакта сезон деген жок, орустар күн сайын деле жасанып, салонго бара берет. Бизде болсо той сезону болсо иш кызуу жүрөт, калган убакта иш солгундай түшөт. Азыр Кудайга шүгүр акырындык менен ишим алдыга жылып, чыгымымды жаап, акыбетин эми көрө баштадым. Карантинге карабай чакан ишканамда иш кызуу жүрүүдө. Пандемияда ишим кандай болот деп чочулоолор болбой койгон жок. Сабырдуу болсок баарына жетишет экенбиз.

Балдарымдын келечегин ойлоп кабаатыр болом…

Үй-бүлөдө 3 кызбыз. Ата-энем Кыргызстанда турушат. Учурда төрт баланын энесимин. улуусу 12 жашта кичүүсү 4 жашта. Балдарымдын баары Москвада чоңоюп жатышат. Менин кыялым Кыргызстаныбыз эртерээк өнүгүп, завод-фабрикалар күпүлдөп иштесе, бизге окшогон мигранттарыбыз талаалабай өз жеринде иштейт эле. Элибиздин дагы мекенге болгон пейили тазарса, мекенчилдик сезимибиз күч алса. Азыр көпчүлүгү “бийликти басып алалы”, “митинг уюштуралы” деп ар кандай чагымчылдык иш менен алек болгон жаштар көбөйдү. Ошондон улам элибиздин жан дүйнөсү тазарып, жаштарыбыз билимге, илимге умтулушса ири жетишкендиктерди, ачылыштарды жасаса сонун болмок. Өндүрүш көбөйсө өз мекенибизге эле салым кошуп, пайда алып келмекпиз. Азыр көпчүлүк кыргыздар Москваны байырлап, бул жактан үйлүү, жайлуу болуп калышты. Менин деле жеке пикиримде Москваны бир отоло таштап кетейин деген деле планым жок. Бул жактын акчасы азгырып кетет деп ойлоп калдым. Үй-бүлөсү барлар үчүн бул жакта мамлекет тарабынан колдоо көп болот экен. Ипотекага үй берип, жөлөк пулду көбөйтүп, үй-бүлөсү барларга, көп балалууларга мамлекет көп жардам берет. Мындан улам балдарыбыз орус элинин менталитети, үрп адаты менен чоңойуп жатышат. Көпчүлүгү кыргыз тилин унутуп калышты. Мен деле балдарыма орус тилинде сүйлөөнү чечтим, анткени жаңырган жылдан тарта мектепке бара баштайт. Алардын орус болуп чоңойуп жатканын көрүп, келечегин ойлоп кабаатыр болом.

Сулуулуктун сырын үйрөнөм деген айымдарга эшигим ачык

— Бул жакта деле кыйынчылык көрүп, ар кандай сыноого кабылган мекендештерибиз көп. Кыргызстандан келген кыз-келиндер сулуулук салонун үйрөнөм десе жардам берип келем жана мындан ары да көмөктөшүүгө ар дайым даярмын. Ал эми келечекте орус жарандыгынан баш тартып, балдарымы кыргызча тарбиялап, алардын келечегине өз салымымды кошкум келет. Мындан башка алдыда пландарым, максатым көп.

Кубанычбек Маматали уулу

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button