Белгилүү киноактер Жеки Чанды баарыбыз тасмалар аркылуу тааныйбыз.  Бул инсандын кадр артындагы жашоосу, балалык чагы, багынткан ийгиликтери тууралуу кыргыз тилинде «Мен-Жеки Чан» китеби жарык көргөн. Дал ушул котормонун автору Фарида Исановадан маалымат алдык.

Жеке өзүм тууралуу айтсам. Бала күндөн Ашым Жакыпбеков, Камбаралы Ботояров, Самансур Бөлөкбаев, Калмак Саякбаев, Аман Токтогулов жана башка улуу котормочулардын эмгектерине арбалып өстүм. 30-жылдары Алыкул Осмонов, Узакбай Абдукаимовдор адабиятка кандай кызмат өтөшсө, ошол көчтү дал ушул аттары аталган акын-жазуучулар татыктуу улантып кетишти. Котормонун коомчулукта ээлеген орду зор.

Тунгуч котормом даңазалуу чалгынчы Эркебек Абдулаевдин аскердик мемуар китеби. Андан соң өзүңүз айтып жаткан белгилүү киноактер Жеки Чандын мемуары. Аны менен катар жапон жазуучусу, режиссер Такеши Китанонун “Кикудзиро менен Саки” повести, канадалык жазуучу Ян Мартелдин “Пинин өмүрү” романы жана башка көптөгөн китептер жарык көрдү. Булардан тышкары “Москва көз жашка ишенбейт”, “Такси -2”, “Такси-3” фильмдери менен катар таанып-билүүчү көрсөтүүлөр которулду.

Эмне себептен бул актердун эмгегин которууга кызыгуум артты? Себеби, азап-тозок, кыйын шарттан чыгармачылык аркылуу бийиктикке көтөрүлгөн улуу инсан. Анын баскан жолу ар бир адамга эң бийик үлгү. Анткени ал пендечилик жана инсандык табияттын жашыруун жаткан сырларын баскан жолу аркылуу ачык айгинелеп көрсөтөт. “Мен — Жеки Чан” китеби 3 ай аралыгында которулду, 2014-жылы актердун 60 жылдык мааракесин утурлай кыргызчалаганга ниет койдум. Ар бир чыгарманы которууда ошол авторун жан дүйнөсүнө үңүлүп кирүүгө аракет кылам. Сөздүн кудурети күчтүү… Автордун берейин деген оюн элге толук жеткирүү котормочунун алдына койгон зор озуйпасы. Демек, котормочу эл аралык байланышты түзгөн көпүрө болууга тийиш. Кандай гана катаал кырдаал болбосун классикалык чыгармалар окула бермекчи. Ал эми учурда мотивациялык китептер зор ынтызарлык менен окулуп жатканы жаңылык эмес.

 

Китепти “Улуу Тоолор” басмаканасынан алсаңыздар болот. 0555 89 45 01 телефонуна байланышып сураңыздар.