Бүгүн, 29-январда Стамбул-Бишкек каттамы менен келе жаткан учак аба ырайына байланыштуу Алматы шаарындагы аэропортко конду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган учактын Алматыдан Бишкекке учуусу 30-январда саат 00:45ке пландалган.
Авиакомпаниядан кабарлашкандай, Стамбул-Бишкек каттамы менен келе жаткан учактын жүргүнчүлөрү тамак-аш жана мейманкана менен камсыз болгон. Кыргызстандын Алматы шаарындагы Башкы консулдугу кырдаалды жеке көзөмөлүнө алды.
Булак: Биринчи радио