Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 29-январда, беш Жарлыкка кол койду.
Мамлекет башчысы жарандардын руханий адеп-ахлагын өнүктүрүү жана дене тарбиясы, жаңы кадрдык саясат, менчикти коргоо жана ишкерлер менен инвесторлорду колдоо, миграциялык кырдаалды жакшыртуу жана кен казуу тармагын реформалоо жөнүндө жарлыктарга кол койду.
Ички саясаттын эң маанилүү багытын – жогорку моралдык ченемдерди, каада-салттарды, салттуу болгон үй-бүлөлүк жана коомдук баалуулуктарды, сергек жашоону өздөштүрүү, Кыргызстан элдеринин маданияттарынын дөөлөтүн, кайталангыстыгын жана бирдиктүүлүгүн чагылдырган жалпы адамзаттык баалуулуктардын системасына өтүү аркылуу жарандарды тарбиялоону колдоо максатында Президент Садыр Жапаровдун «Жарандардын рухий жана адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» биринчи Жарлыгы чыкты.
«Мамлекеттик жаңы кадр саясаты жөнүндө» Жарлыкты жүзөгө ашыруу жарандардын мамлекеттик жана муниципалдык кызматка кирүүдө тең жеткиликтүүлүгүн камсыздоо үчүн шарттарды, бардык кызмат орундарына натыйжалуу кадрдык резервди түзүүгө мүмкүнчүлүк берет, кызматчыларды кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу системасын өркүндөтүүгө, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматчыларынын карьералык өсүүсү үчүн шарттарды камсыздоого, кадр маселелерин чечүүдө коррупция тобокелдигин төмөндөтүүгө жол ачат.
“Менчикти коргоо жана ишкерлер менен инвесторлорду колдоо жөнүндө” Жарлык менен ишкерлердин жана инвесторлордун жеке мүлкүн коргоону күчөтүү, ишкердик субъекттеринин экономикалык ишмердүүлүгүнө мамлекеттин негизсиз кийлигишүүсүн жокко чыгаруу боюнча чаралар каралган. Ал инвесторлордун ишенимин жогорулатууга, жагымдуу инвестициялык климатты жана ишкер чөйрөнү түзүүгө багытталган.
Азыркы мезгилде Кыргыз Республикасынын көпчүлүк жарандары мамлекеттин чегинен тышкары убактылуу эмгектенүүгө аргасыз болууда. Коронавирус инфекциясы пандемиясынын айынан келип чыккан экономикалык кризис эмгек мигранттарынын абалына терс таасирин тийгизди. Ушул себептен 2020-жылдын мартында алар Кыргыз Республикасына кайтып келе башташты, бул жумушсуздуктун өсүшүнө алып келди. Буга байланыштуу миграциялык процесстерди турукташтыруу максатында «Миграциялык кырдаалды жакшыртууга багытталган чараларды кабыл алуу жөнүндө» Жарлыкка кол коюлду.
“Кыргыз Республикасынын кен казуу тармагын реформалоо маселелери жөнүндө” Жарлыктын негизги милдеттери болуп жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү, мыйзамдарда, мамлекеттик жөнгө салууда орун алган көйгөйлөрдү четтетүү, жер казынасын сарамжалдуу пайдаланууну жана коргоону, өнөр жай жана экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу, жер казынасын пайдалануу чөйрөсүнө инвестиция тартуу үчүн шарттарды түзүү жана башкалар боюнча чараларды ишке ашыруу болуп саналат.
Аталган Жарлык менен Кыргыз Республикасынын Кен кодексин кабыл алынган учурга карата лицензиясы бар жана жалпы мамлекеттик маанидеги жер казынасын иштеткен ишканаларды кошпогондо, уставдык капиталында мамлекеттин катышуусу 100% болгон улуттук кен казуу компаниясынын гана жалпы мамлекеттик маанидеги жер казынасынын участкаларын иштетүү каралат.
Ошондой эле бир катар жарлыктар иштеп чыгуу стадиясында турат. Президент Садыр Жапаров аларга жакынкы күндөрдө кол коёт.