Сен унутсаң өзүмдү унутам, унутпа мени…
Сен ушул ырды ырдаганымды аябай жакшы көрчүсүң. Мен сени унута элекмин, балким өмүр бою унутпастырмын… А сен мени унутсаң керек. Экөөбүздү табыштырган, бирок бирге кылбаган тагдырга көп таарындым. Экөөбүздүн айрылууга өзүм күнөөлүү экенимди билем… Мен жаштык кылдым, сени барктай алган жокмун. Күнү-түнү досторум менен майрамдап, таң заарда үйгө ичип келген, сага колум тийген күндөрүм көп болду. Сен көбүн кечирдиң…
Мен ошентип азгырыктарга аралашып жүргөн түндөрү сен китеп бетинен көзүңдү албай окуп жүрчүсүң… Кечээ сенин сүрөтүңдү инстаграмдан көрдүм. Кудум өзуң каалагандай дарыгер болуптурсуң. Азыр эл кызматында иштеп жүргөнүңдү айтып, жердештериң мактап жатышыптыр. Мен да сыймыктандым. Сен аябай сулуу, ажарлуу болуп кетиптирсиң. Мен неге ушундай жаркыраган жубайымды баалай албадым экен? Билем баары кеч… Экөөбүз мыйзам жүзүндө ажырашпадык беле?
Апам ыйлайт…Небересин көрөйүн деп барса апаң үйгө киргизбей коюптур… Уулум өткөн айда 7ге чыкты. Туулган күнүн куттуктай да албадым… Сен уулумду менден ала качып, мага көрсөтпөй баланы да, мени да эзип жатканыңды сезе элексиң. Ооба, мен жаман ата экенмин, бирок уулума менден башка адам мыкты ата болуп бере албайт… Сенден көп сурандым, бирок мага мүмкүнчүлүк берген жоксуң… Атам менен апам алдыңа чөгөлөп барса да апаң каршы болуп койду. Сени максаттарына жетсин, өссүн, кыйналды десе керек.
Ооба, мен сага сен кыялданган турмушту, бакытты бере алган жокмун. Экөөбүз өтө жаш үйлөндүк. Тапкан акчабыз батирге араң жетчү. Анан да батирибиз жатакананын 2 кишилик тар бөлмөсү болчу. Ошол жерге менин бардык туугандарым келип жашашты. Үйдүн тардыгынан экөөбүз коноктор жатсын деп төрдү бошотуп, босогодо жатчу эмес белек…
Сен ошол бут кийим чечкен жерде жатып уулумду төрөп, ошол жактан чоңойттуң. Азды көптөй кабыл алып, көп катамды кечирдиң. Аягына чейин чыдасаң болмок. Мен өзгөрдүм. Сен кетип калгандан кийин чет өлкөгө кетип калгам. Үй алдым, азыр менде баары бар, бир гана уулум экөөң жоксуңар. Сенин сүрөтүңдү көрүп аябай толкундандым, өзүңө сак бол, уулума керексиң…
Интернеттен алынды.