Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиев жана анын жакын адамдары германиялык инвесторду алдап, 800 миң доллар төлөбөй койгон деп шектелүүдө. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Финполго Б.Ф. аттуу Германиянын жараны арыз менен кайрылып, Жумалиев жана анын жакындары андан бир миллион долларга жабдуу алганын айткан. Бирок келишимдеги сумманын 200 миң долларын гана берип, калганын төлөбөй койду деп даттанган.

«Германиялык инвестор Кубанычбек Жумалиевдин жакын тууганы М. С. М жетектеген «А. Ю. К» аттуу компания менен келишим түзүп, минералдык суу куюучу жабдууларды жөнөткөн. Андан кийин Жумалиевдин оозеки кайрылуусу менен инвестор тарабынан «С. К.» компаниясына жабдуу жөнөтүлгөн. Анын директору да депутаттын Ж. Э. С. аттуу жакын адамы болгон», — деп айтылат маалыматта.

Бул иш боюнча сотко чейинки өндүрүш ачылып, аталган компаниялардын директорлору кармалып, Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Азыркы тапта бул иш үчүн маанилүү болгон буюмдар жана документтер жоголуп, бузулуп же жок болуп кетиши мүмкүн деген кооптонууларга байланыштуу Жумалиевдердин үй-бүлөсүнө таандык университеттин аймагында жайгашкан фирмалардын кеңселери тинтүүгө алынып жатат.

Укук коргоо органдарындагы маалымат булагы кармалгандар Жумалиевдин уулдары экенин билдирди.

Булак: NazarNews.kg