Ойлондурган окуу китеби

Алыкул акын айткандай, бүгүнкү өзгөрмөлүү чалкеш дүйнөнүн заманбап зымырыгын аңдап билгенге адамзаттын акыл эси бирде чабалдык кылса, бирде озуп кетип турган чак. Өзгөрмөлүүлүгү ушунда: бүгүн жаңы дегениң эртең эле эскирип, пайдалануудан чыгып жаткандыгында. Андай абалга билим тармагы да туш болуп келет. Кечээги талаптар эскирип, жаңы идеялар, технологиялар үстөмдүк кылып турган учурда ага тез ыңгайлашуу талабы коюлууда. Мектептеги окуу китептери да ошондой жаңы талаптардын желаргысына туш болгону качан. Мында 5-6-класстардын китеби жаңы стандарттарга ылайыкташып жазылып, окулуп жатканы менен, калган окуу китептер жаңы программага ылайык жазылып бүтө элек. Бул багытта Билим берүү жана илим министрлиги билек түрө киришип, жаңы муундун китебин сапаттуу жазуунун камын катуу көрүп жаткан чагы. Ушундай учурда “Окуу китеби” борборунун жетекчиси, педагогика илимдеринин доктору Кыялбек Акматовду кепке тарттык.

– Кыялбек Камутович, эгемендикти алгандан бери окуу китебинин маселеси бүтпөй келет. Мунун себептерин эмнеден көрөсүз?

– Негизинен китептердин сапаты, мазмундук деңгээли авторго жараша болот. Эгемендик жылдарында ата мекендик өзүбүздүн окуулуктарды жазган авторлордун аз экендиги билинди. Союз мезгилинде деле, кийин деле Россияда чыгып, кыргызчага которулган окуу китептерди окуп келдик. Аз өтпөй өзүбүз китеп түзүүгө муктаждык пайда болду. Китеп жазгандардын башын бириктирген, аларга нускама берип, жол көрсөткөн бирдиктүү бир идеологиянын жоктугунан ортодо бир топ мүчүлүштүктөр болду. Эң негизгиси, союз мезгилинде бул ишти моюнга алып келген “Мектеп” басмасы жоюлуп кетти.

– Учурда жамандыр-жакшыдыр өзүбүздүн авторлор жазган окуу китептер мектепте окулуп жатат. Аларды дагы замандын өзгөрүшү менен кайра жаңылоо муктаждыгы келип чыкты го.

– Анткени бизде билим берүү стандарты, программалар жаңыланды да, мурунку чыккан окуу китептердин айрымдары мазмундук жактан жарабай калды. Эми ошолорду кайрадан жазуу, жаңыртуу, басып чыгаруу маселеси азыр курч бойдон турат. Мыкты авторлор дээрлик жок болгондуктан, китептерде каталар көп кетип, коомчулукта чоң талкууга түштү. Акыркы жылдары эле 5-6-класстардын окуу китептерине көп сын айтылып келди. Кемчиликтерди жоюу максатында алгачкы кадамдар жасалууда. Кечээ жакында түзүлгөн “Окуу китеби” борбору ушундай көйгөйлөрдү толугу менен чечет деп айта албайбыз. Себеби, бул чоң комплекстүү иш. Буга абдан көп тармактардын аракеттери
керек.

Ырас, экспертизадан гана өткөрөбүз деп олтура бергенибиз болбойт. Анткени бизге авторлор керек. Кошуна мамлекеттерден Казакстандын тажрыйбасын алсак болот. Алар бир эле окуу китептин бир нече альтернативдик вариантын жазып чыгарууга жетишип калышты. Бирок биз авторлорду жаңы муундагы китептерди жазуу жолдорун, талаптарын окутуп, үйрөтсөк, авторлордун базасын түзсөк, ага тез эле жетишебиз деп ойлойм. Авторлорду биздин борбор тандабайт. Ал биздин компетенцияга кирбейт. Бул иш басмаканаларга гана тиешелүү. Эгерде басмаканалар авторлор жазган мыкты китептерди алып келишсе, биз аларга сапаттуу экспертиза жүргүзүп берсек, иш илгерилейт.

– Жакшы окуу китепти тандаш үчүн экспертизада коррупция же адам фактору болбошу керек. Бул үчүн кандай кепилдик бар?

– Экспетиза жүргүзгөндөр менен автор, басма үйү байланышпашы керек. Эксперттер сырттан, көз карандысыз, купуя түрдө каралат. Аларды электрондук жол менен тандап алабыз. Эксперттердин жоопкерчилиги абдан чоң болот. Министрлик даяр окуу китептерди сатып алат. Буга чейинки жоболордо конкурс жарыялап, авторлор тандалчу. Алар кандай критерийлер менен тандалганы бүдөмүк болуп келген. Мындан ары андай болбойт. Китептер санариптешүүгө ыңгайлуу болушу керек. Интерактивдүүлүк, электрондук багытына да көп көңүл бурабыз.

– Буга чейин окуу китептерди мектепте бир да жыл иштеп көрбөгөн окумуштуулар жазып келгенин айтып, нааразы болгондор көп. Мисалы, тарых китебин сындашты. Айрымдары диссертациясынан эле көчүрүп коюптур дешти.

– Ошондуктан, менин жеке көз карашымда, окуу китеп жазууда илимпоздор менен мектепте иштеген тажрыйбалуу, мыкты мугалимдерди чогуу иштешсе жакшы болот эле. Окумуштуу окуу китептин илимий мазмунун караса, мектептеги мугалим усулдук, дидактикалык өңүтүн караса, ошондо гана иш майнаптуу болот.

Польша, Германия, Финляндиянын окуу китептерин карап салыштырып көрдүк. Аларда окутуунун системасы, окуу планы башкачараак. Бизде өзүбүздүн менталитетибиз эске алынышы керек. Анткени ар бир окуу китеби, билинбегени менен, чоң идеология. Мамлекеттин чоң атрибуттарынын бири десек да болчудай. Окуу китепте мамлекеттин саясаты да чагылдырылып турушу керек.

– Өнүккөн өлкөлөрдө окуу китептерди мектеп өзү тандап алат экен. Бизде ошондой деңгээлге жетүү аракети барбы?

– Мектеп өзү тандап алат деген принципке бир аз жете элекпиз. Анткени ошондой альтернативдүү окуу китептери жок. Мисалы, математикадан үч-төрт автордун китептери болсо, мектепке сунуштап койсок, коллектив тандап алмак. Бизде азырынча ал тургай түзүгүрөөк китеп жок. Буюрса, сиз айткан көп түрдүүлүккө барабыз. Мен китеп жазам дегендер көбөйө баштаптыр. Альтернативага Казакстан жетишти. Аларда бир класска эле үч автордун китеби туура келет. Каалаганын окушат. Бизде китеп сатып алууда тендер менен уюштурулса, аларда мектеп өзүнчө тандап, ошого жараша тийиштүү ар бир облус өзү жетиштүү кылып камсыздап берет экен.

– Китепти ким кааласа жаза берет дегендей пикирлер айтылып келет. Мисалы, физиканы бул тармакта адистиги болбосо деле жаза алабы?

– Буга мен кошулбайм. Бул айрым басма үйлөрүнүн, авторлордун пикири болууда. Алардын максаттары эмне экендигин билбейм. Буга автордук укукка байланышкан бир катар чийки иштелип калган мыйзамдар жол ачып берип жаткандай. Мен буга таптакыр каршымын. Мыйзамды өзгөртүш керек. Мен кыргыз тилчи болсом, кантип физиканы, математиканы жаза алам? Бул логикага жатпаган нерсе.

Илимий даражасын алууда диссертацияны да өзүнүн шифри, адистиги менен коргойт эмеспи. Мисалы, тарыхчы кыргыз тили боюнча илимий диссертация коргой алабы? Чымчыкты сойсо да касапчы сойсун дегендей, ар ким өзүнүн көчөсүндө иш алып барышы парз.

Турмуш көрсөткөндөй, айрым ыгын тапкандар окуу китеп жазып, авторлугун башка бирөөгө сатат экен. Муну айрымдар кубаттап жатышат. Ошол предмет боюнча мектепке барып сабак өтпөсө, ал боюнча ЖОЖдон төрт жыл билим албаса, анан кантип окуу китебин жаза алат? Бирок, эмнегедир, китеп жазгысы келгендер, мурда кийин жазып жүргөндөр ошону кубаттап, Жободон квалификациялык талап дегенди алып таштагыла деген сунушту катуу айтып жатышат.

– Окуу китепти бир да жолу мектепке басып барбаган окумуштуулар эмес, мугалимдер өздөрү жазса жакшы болмок деген пикирлер басымдуу. Буга кандай карайсыз?

– Мектепте теорияны мыкты билген мугалимдер бар. Албетте, андай учурлар болсо, кубаттайбыз. Бүгүнкү күндө окутуунун методикасы, окуучунун психологиясы өзгөрдү. Азыр кайсы муундагы балдар келатат, алар эмнени каалайт? Китеп жазган адис ошону жакшы билиши зарыл. Эмне деген жаңы талаптар бар экенин мектепке барбаган окумуштуу кайдан билет? Жазылган китептин кайсы жеринде алешемдиги бар экендиги бир жылдык апробациядан өткөндө байкалат.

– Айрым окуу китептер татаал жазылып калганы жөнүндө пикирлер көп. Мисалы, И.Бекбоевдин математикасын оор деп жүрүшөт.

– Анын китептерин жакшы деп мактагандар да бар. Раматылык Исак агайдын авторлоштору, шакирттери кайра иштеп чыкса болот да. Азыркы учурда китеп жеңил жана комплекстүү болушу керек. Мисалы, эмне үчүн Морону көпчүлүк жакшы көрүшөт? Анын китептеринде комплекстүүлүк бар. Китептери түстүү, окуучуну өзү эле кызыктырып турат. Жумушчу дептери, мугалим үчүн пайдалана турган усулу турат. Сабактын иштелмелеринен турган видеолору бар. Аны менен ата-эне да, мугалим, окуучу да иштей алат — жеңил жана ыңгайлуу. Биз И.Бекбоевдин китебин да эмне үчүн ошондой даражага жеткире албайбыз? Автордун көзү өтүп кетсе да, мураскеринен уруксат алып, оңдош керек. Бизге жаңы коомго карата ыңгайлашкан окуу китептер керек. Кээ бир авторлор айткан-дегенибизди укпай эле, китебим колдонуудан чыгып калбаса экен деп ызы-чуу сала беришет. Бирок жаңылап  иштеп чыкканга моюндары жар бербейт. Ушундай олку-солку жагдайда турабыз.

Аңгемелешкен Майрамбек Токторов, “Кут Билим”