Баткен Мамлекеттик Университетинин ректору болуп Гыязов Айдарбек Токторалиевич шайланды.
Бүгүн, 29-январда болуп өткөн шайлоого 3 талапкер катышып, эки тур менен жыйынтыкталды. Маалыматтарга таянсак, шайлоонун биринчи турунда Кошуев Абдижамил Жумаевич 56 добуш менен экинчи турга катышу мүмкүнчүлүкгүнө ээ болбой калган. Ал эми экинчи турда Гыязов Айдарбек Токторович 140 добуш менен женишке жетишкен. Ал эми Машрабов Абдималик Амирович 107 добуш менен экинчи орунга ээ болду.
Белгилей кетсек, Гыязов Айдарбек Токторович 1981-жылы Ош облусундагы Ноокат районуна караштуу Баглан айылында туулган. 2003-жылы БатМУнун кызыл-Кыядагы Экономика, укук жана технологиялык институтунан каржы жана кредит адистигин артыкчылык диплому менен аяктаган.
Гыязов Айдарбек Токторович Экономика илимдеринин кандидаты, профессор.
Маалымат Фейсбук социалдык тармагындагы «Уктуңбу баса» баракчасынан алынды.