Кыргызстандын шартында элет жеринде бизнес баштоо абдан эле татаал. Кандай гана иш башташбасын ири каражатка, тоскоолдуктарга кабылышат. Жеке ишкер айым Бермет Насирова жолдошу Манас Канатбек уулу экөө айыл жеринде алгачкылардан болуп кыйынчылыкка карабастан өндүрүштүн сырын өздөштүрүп, айылда тигүү цехин ачышкан. Ишти жаңыдан баштаар алдында жаш жубайлар алгач өздөрүнө, туугандарына элет жерине ыңгалашкан күрмө, кемзел, чыптама кийим тигишкен. Акырындык менен айылдаштары арасында ал кийимге болгон кызыгуу артып, суроо талап көп болгондуктан кийим-кеченин санын көбөйтүп, учурда анын колунан жаралган кийимдер Бишкекке, Казакстанга чейин экспорттолот. Учурда анын ишканасында 9 адам иштейт. Биз жаш үй-бүлөгө жолугуп, айыл жергесинде чакан өндүрүштү баштоонун көйгөйүн, келечегин, айыл жерине кошкон пайдасын иликтеп көрдүк.
Өлкөдө жумушсуздук күч алып жатканына карабастан кээ бир мекендештерибиз ырыскысын өзү жашаган аймагынан эле таап, чакан ишкердик менен алек болуп жатышкан маалы. Алсак, Ош облусундагы Кара-Кулжа районунда жайгашкан Биринчи май айылынын айрым тургундары дагы чакан өндүрүшкө ыктай баштады. Учурда айылда 8 миңге чукул эл жашайт. Акыркы убактарда айыл тургундары чакан ишкердиктин эбин таап, өндүрүштүн сырларын жаңыдан өздөштүрүү менен социалдык абалын чыңдап, ирденип, жашоолорун жакшыртып баштады.
Бермет: Чакан ишкердикти баштоо оңойго турган жок
Бүгүнкү күнгө алынган маалымат боюнча айылда 5 адам чакан ишкердик менен алектенишет. Алар, кийим-кече тигүүчү цех, курулуш материалдарын иретке келтирүү боюнча тейлөө кызматы, тоок канаттуусун багуучу чакан фирма, камыр жасоочу ишкана бар. Биз алардын ичинен Манас Канатбек уулунун үй-бүлөсү тууралуу айтып бермекчибиз.
Биринчи май айылынын тургуну Манас Апсамат уулу келинчеги Бермет Насирова 2 уулу менен айылда турушат. Ата-энеси болсо Орусиянын Самара облусунда базарда эмгектенишет. Жаш жубайлар чет мамлекетке кетүүнүн ордуна айылдагы үй жайын, малын карап, бул жакта эле иштөөнү эп көрүшкөн. Болгондо да экөөнүн тең билимдери жогору. Алгач айылда өздөрүнө ылайыктуу жумуш караштырганы менен таба алышкан эмес. Берметтин кесиби дизайнер болгондуктан үйүндө чакан кийим тигүүчү цех ачуу идеясы жаралган. Бул ишти баштоо жаш жубайлар үчүн оңойго турган жок.
“Жолдошум үйдүн кенжеси болгондуктан мектепти бүтүп, ОшМУнун “салык” адистиги боюнча билим алган. Мен ушул эле окуу жайдын «дизайнерлик» кесипти аяктагам. Экөөбүз окуу жайдан таанышканбыз. Айылда өзүбүзгө ылайыктуу жумуш караштырганыбыз менен таба алган жокпуз. Жолдошум экөөбүз ойлонуп отуруп, чакан иш баштоону пландадык. Дизайнерлик кесибимди айылдан эле өркүндөтмөй болдум. Алгач өзүбүз үчүн бир даана кийим тигүүчү машина сатып алдым. Кийин бизге жакыныраак Кара-Суу базарынан 3500 сомго кийим-кече кылып, анын үлгүсүндө шырма чапан, кемсел, келтечени 10 күндүн ичинде тигип бүтүп, айылдагы туугандарыбызга белекке берип, өзүбүз дагы кийдик. Элдер кызыгышып, суроо талап көбөйгөндүктөн алар тапшырык берип жатышты. Кардарларга материал таңкыстыгын айтып, түшүндүргөнүбүздө өздөрү сатып алып келишип, тиктирип кетип жатышты»,-дейт Бермет Насирова.
Кирешени үч айдын ичинде таптык
Иштин көзүн акырындан өздөштүрүүгө кынык алган Бермет ишин жандантып, 3 айдын ичинди ири кирише таба баштады. Таза тапкан акчасына мал алышып, ашкан акчаларына ишкананы кеңейтишти. Учурда өздөрүнүн эле кошуналарынын башын кошуп, 9 адамды жумуш менен камсыз кылып, тапшырыкка жараша келтече, чапан, кемсел, халаттарды тигип өткөрүшөт. Район аймагында уюштурулган жармаңкелерге, көргөзмөлөргө дагы катышып турушат. Үй-бүлөсүн дагы багып, 2 баланы чоңойтуп, муну менен катар айылдагы тикемечиликке кызыккан кыз-келиндерди дагы кийим тиккенди, бычканды үйрөтүп жамаат менен иш алып барышкан убагы.
«Ишти баштаганыбыздан бери акыркы 3 айдын ичинде 42 миң таза пайда көрдүк. Ошентип кийимдин түрүн көбөйтүп отуруп, кийим тигүүчү машинанын санын 6 га жеткирдик. Учурда бир жыл ичинде 9 адамды жумуш менен камсыз кылдык. Даяр болгон кийимдерди Бишкекке, Казакстанга алып кетишет. Жергиликтүү элге саталы десек акчасын нак бере албай, жумуш дагы солгундай түшөт экен. Ошондуктан тааныштар аркылуу Бишкекке жиберебиз. Бир жибергенде миңден ашуун товарды жиберебиз. Ал эми айылыбызга кийим-кечени кыскартып, узартып бергенге, тапшырык берген кийимдерди тигип берүү кызматын көрсөтөбүз,”,-дейт Бермет Насирова.
Манас: Тикмечиликти келинчегим үйрөттү
Жаш жубайлар муну менен токтоп калбастан, тигүү цехин айылдан тышкары ордо калаа Бишкекке дагы ачуунун пландап жатыптыр. Кирешесин дагы да көбөйтүп, атаандаштык күч алган чакта ишин үзгүлтүкө учураткылары келбейт. Берметтин жолдошу Манас Канатбек уулу да келинчегинен кем калбай, кийим тиккенди өздөштүрүп алган. Алдыдагы пландары тууралуу буларга токтолду.
«Өндүрүштү колго алган соң бир күн иштебей койсоң ишиң артка кетти дей бер. Азыр бизде тыным алуу деген жок. Айылда өзүңүз билесиз мал карап, үй оокаты деген бар алардын баарына жетишип, чакан өндүрүшүбүздү жандантып жатабыз. Келинчегиме жардам берип, ал кийим тиксе мен дагы кошо тигип, колуна кол бутуна бут болуп жардам берип келем. Ишканабызды мындан дагы дагы кеңейтип, ири шаарларга тигүү цехин ачсакпы деп турабыз. Буга биринчиден кийим тигүүгө керектүү материалдардын ири шаарларда болушу себеп болду. Аны айылга алып келүүгө эле ири чыгымга дагы учурап калабыз. Мындан тышкары алдыда планыбызда балдар кийимин дагы тиксекпи деп турабыз. Бул үчүн кийимдердин дизайнинин үстүнөн иштөөдөбүз»,-деди Манас Канатбек уулу.
Чакан тигүүчү цех ачылгандан бери жергиликтүү тургундарга опол тоодой пайдасын тийгизүүдө. Буга чейин айыл жеринде мындай ишкана ачылган да эмес, айыл тургундары колдоого алышып, Берметтин кызматын үзүрүн көрүп жатышкан учуру.
Жаш жубайлардын жергиликтүү элге тийгизген пайдасы:
- Жергиликтүү айыл тургундарынын жумуш менен камсыз болушу;
- Айылдыктар үчүн кызмат көрсөтүү ыңгайлуу, убаракерчилик талап кылынбайт;
- Жергиликтүү элдин иш баштоосуна себепчи болууда;
- Айылдагы социалдык маселелердин чечилишине көмөк көрсөтүүдө;.
- Кыз-келиндердин өз алдынча тикмечиликти өздөштүрүшүнө жардам берүүдө:
- Өндүрүш аркылуу үй-бүлөсүн багып, социалдык абалын жакшыртып жатат.
Чакан ишкердик менен алек болгон жаш жубайлар өз күчтөрүнө жана элге таянат. Жергиликтүү бийликтин көмөк сурагысы келет бирок, колдоо аз. Банктарга барып, насыя алгылары келет үстөк пайызы өтө эле кымбат. Мындан улам Бермет менен Манасды торуп жаткан тоскоолдуктарды тизмектеп беришти.
Алар:
1.Кийим-кечени кардарларга өткөрүүдө жергиликтүү элде суроо-талаптын аздыгы;
- Кийим тигүүчү машиналардын бат-баттан бузулуп, аны оңдоодо мастерлердин жоктугу;
3.Чоң иш баштоодо айрым адамдар тарабынан бут тосуулардын болушу;
4.Ири бизнести баштоодо идея бар бирок, баары келип каражатка барып такалат;
- Техникалык жабдуулардын айыл жеринде таңкыстыгы;
- Финансылык сабатсыздык;
- Жергиликтүү бийликтин ишкерлерди колдоого үмүт артышат.ж.б.
Экономист, Кубан Чороев: Ишкерлер акча топтоону үйрөнүшү керек
Албетте бул саналуусу гана андан башка майда-барат иш дагы көп, аларды өндүрүшкө күчүн жумшаган гана адам билбесе, бизге окшогон карапайым адамдар биле билишпейт. Ал эми экономистер болсо элет жеринде бизнести баштаардан мурун акча чогултуунун жолун мыкты билүүгө чакырышат. Антпесе көздөгөн максатыңа жетпей, каражаттын кайда жумшалганы билинбей каласың. Экономист Кубан Чороевдун айтымында, чакан ишкердике багыт алгандар тууралуу сураганыбызда төмөнкүдөй кеңешин берди.
“Кыргызстандын шартында бизнес баштоо оңой иш эмес. Атаандаштык абдан күч жана чоң. Мындан улам алар ишкердикке инвестиция сала коём деп ири жоготууга дуушар болгондорду көп эле кездештирип жүрөм. Мен төмөндө 1-май айылындагы жаш жубайларга акчаны туура топтоого кеңеш берет элем. Мисалы бир бир мекендешибиз айына 30 миң сом акча табат дейли. Анын 15 пайызын топтоо механизимин өздөштүрүп, калган бөлүгүн жеке муктаждыктарына иштетип, 3 жыл чоң акча топтоого жетишет. Ошол акчаны максаттуу жумшашы керек. Эгер финансылык сабаттуулугу жок болсо иштеген акчасын максаттуу жумшай албайт. Көйгөйлөр көбөйө берет, чыгашалар чыга берет. Андыктан ишкерлерге багыт алгандарга айтаарым аларды колдоодо мамлекеттин кызыкчылыгы болушу керек. Аларга шарт түзүп, ишин алдыга жылдырууда жергиликтүү бийлик көмөк көрсөтүшү зарыл. Канчалык аларга көңүл бурулган сайын иштери алдыга жылып, ошол эле жергиликтүү бийликтин казынасына пайда алып келмек”,-дейт экономист Кубан Чороев.
Бактыгүл Бозгөрпөева: Элеттеги ишкерлерге билим жетишпейт
«КАПС» коомдук бирикмесинини директору Бактыгүл Бозгөрпөеванын айтымында, мекендештерди ишкердикке каныктырууда аларга окутууларды, тренингдерди жүргүзүү зарылдыгына токтолду. Анткени көпчүлүк ишкерлер ошол эле элет жериндеги ишмерлер бизнес планды кантип жазууну биле беришпейт.
«Ишкерликке багыт алгандардын көпчүлүгү чакан ишкердикти жана өндүрүштү эмнеден баштоону биле беришпейт. Мамлекет тарабынан аларга багыт, колдоого болушу керек. Кайсы бир ишкана ачып, аны иштетейин десе кирише таба албай акчасы түгөнсө эле айланып келип кайра эле Россияга жана башка мамлекетке жумуш издеп кетип жатышат. Аларга шарт түзүп берсек, Кандай жумуш кылса кирише табат? Ишти алгач эмнеден баштоо керек? Жасаган жумушу келечектүүбү? Эл аралык уюмдарга долбоор жана грант жазгандын пайдасын, ушул жаатта окутууларды жүргүзсөк, элеттеги элге чоң табылга болмок. Маселен, жөнөкөй эле мисал бизнес планда жазышканды билбейт. Биз андыктан ишкерлерди колдойлу десек аларга түрдүү тренингдерди өткөрөлү, маалыматтуулугун жогорулаталы»,-деди Бактыгүл Бозгөрпөева.
Жыйынтыктап айтканда Манас менен Берметке окшогон жаш ишкерлер жана өндүрүшкө жаңыдан аралашып жаткандарга өндүрүшү үзгүлтүккө учурабашы үчүн жергиликтүү бийлик тарабынан, мамлекет тарабынан олуттуу колдоо болушу керек. Ал үчүн өндүрүштү колго алууда бардык тараптар кызыктар болуусу зарыл. Муну менен катар төмөнкү көйгөйлөргө көңүл буруу зарыл:
- Мамлекеттин жана жергиликтүү бийлик органдарынын ишкерлерди колдоодо бирдиктүү саясаты;
- Ишкерлердин эл аралык уюмдарга долбоор жана грант жазганды үйрөтүү;
- Ишкерлердин финансылык сабаттуулугун жоюу;
- Ишкерлерди ЖМК аркылуу маалыматтуулугун жогорулатуу;
- Ишкерлерге бизнес планды жазууну үйрөтүү.
- Ишкерлерге жеңилдиктерди түзүп берүү.
- Кайтарымсыз жана гранттык каражаттарды максаттуу жумшоодо багыт берүү ж.б.
КУБАНЫЧБЕК МАМАТАЛИ УУЛУ