Бактылуу жигит көрдүм!
Бир жактан кеч чыгып такси чакырдым. Таксист кичипейил, сүйлөгөнүнөн мээрим төгүлүп турган жигит экен. Жолдо божурап үй-бүлөсү тууралуу айтып жатты:
— «Үч кызым бар, эже. Келинчегим кээде кыялын көрсөткөндө «сен төртүнчү кызым болосуң, үч кызымдан да кичине болуп жатпайсыңбы» деп коем. Экөөбүз тең отуздабыз. Эки кызым удаа, үчүнчүсүнө алты ай болду. Мен күндө эртең мененки жетиден түнкү он экиге чейин иштейм. Жумушка кетип жатканда да, жумуштан келгенде да кыздарым уктап жаткан болушат. Жүздөрүнөн сүйүп гана кетип калам. Ковидге чейин эртең мененки жетиден бешке чейин эле 3 миң сом таап алчумун.
Азыр таңдан кечке араң 2 миң сом табам. Келинчегим күндө тизме жазып берет. Алардын баарын алып барам. Кыздарым мага эркелешет, апасы аларды тарбиялайт. Азыр окуу онлайн болуп, апасы кыздарымды окутат. Кээде урушуп, ыйлап да алышат. Бир жолу улуу кызым жол эрежелерин айтып бере албай жатыптыр. Кызымдын көзүндө жаш мөлтүлдөйт. Апасы дүкөнгө чыгып кеткенде чоң коробканын сыртына маркер менен эрежелерди жазып, маңдайына койдум. Кызым аны окуду, кичүү кызым видеого тартты. Келинчегим көрүп таңгалды.
Ошентип жардам берип коем кээде. Болгону алтынчы күнү гана түшкө чейин уктап эс алам. Анан кыздарым менен ойноп, каалаганын алып берем. Кыздарым «атакелеп» мойнума асылса, дүйнөм түгөл».
Таксист жигиттин үй-бүлөсү жөнүндө ушунчалык мээрим менен айтканына суктандым, бактылуу экендиги сезилип турду…
Автору Аскер Сакыбаева.