Ысык-Көл ОИИБдин уюшкан кылмыштуулука каршы күрөшүү кызматынын ыкчам кызматкерлери, Ысык-Көл району боюнча УКМКнын кызматкерлери менен бирдикте алдамчылык кылмышын жасагандыгы үчүн шектелип жаткан, КР ИИМдин каттоосунда уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү катары турган 24-жаштагы Чолпон-Ата шаарынын тургунун Э.Э. кармалды.

Белгилеп кетсек, сентябрь айында Ысык-КөлРИИБге 36 жаштагы Д.А. аттуу жаран кайрылып, март айында өзүн «Замир» деп таныштырган белгисиз адам «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү автоунаасын ага саткан. Кийинчерек, аталган автоунаа издөөдө жүргөндүгү аныкталып, жабырланган адамга материалдык чыгым келтирилген.

Бул факт Ысык-Көл РИИБдин КЖБРне катталып, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 204 (Алдамчылык) беренеси менен сотко чейинки өндүрүш иши башталган болучу.

Азыркы учурда, кылмышка шектүү Э.Э райондук милициянын убактылуу кармоочу жайына сот тарабынан баш коргоо чарасы жарыяланганга чейин киргизилди. Тергөө амалдары уланууда.