29-январь 2021-жылы А.Навои атындагы орто мектебинде 9–11-класстардын бүтүрүүчүлөрүнө «Туура кесип тандоо – келечекке карай жол» аттуу дискуссиялык «WorldSkills-Баткен» жаштар кыймылынын презентациясы өткөрүлдү.
Бул иш-чарага «Ата-Журт» гезитинин редактору Абдулаат Дооров, Лейлек РИИБнин жашы жете электердин иштери боюнча укук инспектору, милициянын ага лейтенанты О.Камбаров, Лейлек райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун врачы Г.Азизовдор келип катышып, бүтүрүүчүлөргө, жаштарга кесип тандоо боюнча ар тараптуу маалыматтарды беришип, баалуу кеңештерин айтышып, суроолоруна жооп беришти.
Иш-чара «Баткен областындагы миграцияга дуушар болгон калктын аярлуу топторундагы атаандаштык жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн социалдык инновация» долбоорунун алкагында, FSDS Фонду менен биргеликте өткөрүлдү.