Кыргызгидромет борбору 1-февралдан 5-февралга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу болжолдуу маалымат таратты.

1-5-февралдарда Чүй, Талас облустарында күтүлгөн аба ырайы

1-февралда түнкүсүн Талас облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Талас облусунун дыйканчылык аймактарында жана Чүй облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

1-февралда эртең менен жана күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

2-февралда түнкүсүн Чүй облусунун көпчүлүк аймактарында, Талас облусунун кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт.

2-февралда күндүз Чүй облусунун көпчүлүк аймактарында жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

3-5-февралдарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

1-5-февралдарда Бишкек шаарында күтүлгөн аба ырайы

1-февралда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз жаан, кар жаашы күтүлөт.

2-февралда түнкүсүн жана эртең менен кар жаашы күтүлөт.

2-февралда күндүз жана 3-5-февралдарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

1-5-февралдарда Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында күтүлгөн аба ырайы

1-февралда түнкүсүн Баткен облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Баткен облусунун өрөөндөрүндө, Жалал-Абад облусунун дыйканчылык аймактарында жана Ош облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

1-февралда эртең менен жана күндүз Жалал-Абад облусунун көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

2-февралда түнкүсүн кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт.

2-февралда күндүз жана 3-5-февралдарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

1-5-февралдарда Ысык-Көл облусунда күтүлгөн аба ырайы

1-февралда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

1-февралда күндүз кээ бир райондордо жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

2-февралда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда кар жаашы күтүлөт.

2-февралда күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

3-февралда түнкүсүн кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт.

3-февралда күндүз жана 4-5-февралдарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

1-5-февралдарда Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында күтүлгөн аба ырайы

1-февралда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

1-февралда күндүз жаан, кар жаашы күтүлөт.

2-февралда түнкүсүн кар, күндүз жаан, кар жаашы күтүлөт.

3-5-февралдарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

1-5-февралдарда Нарын облусунда күтүлгөн аба ырайы

1-февралда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

1-февралда күндүз кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт.

2-февралда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда, күндүз кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт.

3-5-февралдарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.