«Ай баратат» баяны. «Ай баратат», сөзү Абдылда Белековдуку, музыкасы Нурканбек Турсунбаевдики. Бул чыгармасын Нурканбек Турсунбаев бир тууган карындашы, легендарлуу актриса Таттыбүбү Турсунбаеванын 17 жашка чыкканда туулган күнүнө арнап жараткан. Чыгарманын эң алгачкы аткаруучусу да Таттыбүбү Турсунбаева болгон. Таттыбүбүнүн гимнине айланган бул чыгарманы утур бир муундун ырчылары жогорку чеберчиликте аткарып келет. Ар биринин аткаруусунда өз өзгөчөлүгү бар. Ушул чыгармага арналган телеберүүнү ЭлТР каналынын мыкты журналист кызы Гулиза Кочкорова даярдады. Эмесе, Сиздердин назарыңыздарда «Ай баратат» баяны.