«Мекенчил» партиясынын мүчөсү, жарандык активист Талантбек Мамытов кадрларга байланыштуу өзүнүн Facebook социалдык тармактагы баракчасына төмөнкүдөй билдирүү калтырды:

«Урматтуу мени тааныган мекендештерим жана мага кайрылып жумуш сураган тааныштарым, туугандарым. Сиздерге бир нерсени айтып койойун. Мен Садыр Нургожоевич менен тилектеш, максатташ гана ага инилерден болобуз.

Биринчиден, мен Садыр Нургожоевич Президент болуп калса бирөөнү жумушка орноштурам же болбосо өзүм бир кызматка барам деп мамиле кылып колдоп жүргөн эмесмин.

Экинчиден, мага акча сунуш кылып, жумушка орнотуп коюңуз деген ойлору жаман адамдар менен дагы эч качан мамиле кылбаймын. Себеби акча берип жумушка кирген адам таза иштей албайт. Анткени анын максаты элге ак кызмат кылуу эмес , акча иштөө эле.

Үчүнчүдөн, мен адилеттүүлүктү туу туткан, чындык үчүн тике караган инсанмын. Мен үчүн акча, байлык, бийлик, мансап зарыл эмес, мен үчүн балдарыбыздын келечеги, өлкөбүздүн тагдыры биринчи орунда турат. Ошондуктан мага кайрылып жумушка киргизип койчу же жардам берип койчу дегендер өтө катуу жаңылышасыздар. Кыргызстанда эмне үчүн кадр маселеси аксап жатат, себеби тааныш аркылуу, акча аркылуу жумушка орношкон сабатсыздар толуп кетти. Ошол үчүн коррупциялык система тамырлашып кеткен. Эгерде кимде ким өзүнүн билимине, күчүнө ишенсе, анда конкурс аркылуу кызматка кирсе болот.

Мындан ары тааныш аркылуу, акча аркылуу кадр маселеси чечилбеш керек. Келиңиздер ар бирибиз өзгөрүүнү өзүбүздөн баштап таза, адал жашаганды үйрөнөлү. Чынчыл бололу, адилеттүү бололу, ниетти түздөп жакшы максаттар менен жашайлычы. Мындан ары менин тынчымды алып, жумуш сурап кайрылганыныздарды токтотуңуздарчы сураныч» — дейт Талант Мамытов.