Бүгүн Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалиция өкмөттүн жаңы курамын дайындоо үчүн жыйынга чогулат. Бул тууралуу көпчүлүк коалициянын мүчөсү, депутат Абдывахап Нурбаев «Маралга» ырастады.

Анын айтымында, жыйын саат 11:00гө белгиленген.

Премьер-министрлик кызматка Эсептөө палатасынын төрагасы Улукбек Марипов көрсөтүлүп жатканы кабарланган.

Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев азыркы Башмыйзам боюнча премьер-министр парламент аркылуу дайындалышы керектигин айткан.

Өкмөт башчылыкка учурда премьер-министрдин милдетин аткарып жаткан биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков да көрсөтүлүшү мүмкүн.

Булак: Марал радиосу