Ош облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы милициянын полковниги Жеӊишбек Абитов 28-январь күнү Ноокат районунун Кулатов айыл аймагында эл менен жолугушту. Жолугушууга Кулатов айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Мадмуров Нурдин башында турган айыл жашоочулары, Ноокат РИИБдин начальниги милициянын полковниги Акимбек Жусупов баштаган милициянын участкалык уполномоченныйлары катышышты.


Чогулушта Көк-Жар Айылдык милиция бөлүмчөсүнүн начальниги милициянын капитаны Исламбек Кеӊешбаев 2020-жылы аткарылган иштер боюнча эл алдында отчет берди.
Андан кийин сөз сүйлөгөн айыл аймактардын жарандары милиция кызматкерлерине мамлекетибизде болуп жаткан эпидемиялык абал учурундагы милиция кызматкерлеринин алгылыктуу иштерин баса белгилеп жатышты.Милициянын участкалык уполномоченныйлары жакшы иштеп жатканын айтышып ыразычылыгын билдиришти. Жолугушуу учурунда эл тарабынан берилген суроолорго Ош ОИИБдин жетекчилиги тарабынан жооп берилди.
Кулатов айылындгы өткөн чогулушта жарандар тарабынан төмөндөгү маселелер айтылды:
1. Бузуулар Кодекси боюнча салынган айып пулдардын суммасын азайтуу.
2. Айыл ичиндеги дүкөндөрдө спирт ичимдигин саттырбоо.
3. Таза суу жана сугат суу маселеси.
4. Айылда жолбун иттер көбөйүп кеткендиктен, аларды аттыруу иштерин жүргүзүү.
5. Милициянын участкалык уполномоченныйларына материялдык жактан жардам көрсөтүү.
6. Авия билеттердин арзандатылышын.
7. Ош-Баткен автожолунун асфальтталышын тездетүү маселелери.
8. Кыш мезгилинде жылкы баккан адамдар жылкыларын карабай койгондуктан, жылкылары айыл ичине кирип бак-дарактарга зыянын тийгизип жатканын айтышты.
9. Жол боюнда жайгашкан мектептердин жанына окуучулардын коопсуздугу учун атайын жол белгилерин коюу.
Ош облусунун аймагында эл алдына чыгып отчет берүү башка айылдарда да улантылууда.

Ош ОИИБдин Басма сөз кызматы