Айымдар, билчү белеңиздер …
1. Эң чоң жоолук Оренбургда жүндөн токулган.
Анын аянты 400 кв. метрди түзгөн. Жоолук 46 киллограмдан турган жиптен токулган. Мындай көрүнүштү Гиннес рекорддор китеби өзүнүн тизмесине киргизген.
2) Жоолукка арналган атайын бий бар.
18-19-кылымдарда Европада жоолуктар өтө популярдуу болгондуктан, «па де шаль» деп аталган бий пайда болгон. Бий учурунда кыздар өзүлөрүнүн ийкемдүүлүгүн, жеңилдигин жана денесин түз, бир калыпта кармай алгандыгын көрсөтүшкөн.
3) Жоолук эң кымбат аксессуар катары эсептелген.
Мунун себеби жоолукту иштеп чыгуудагы көп эмгектин жумшалганы менен түшүндүрүлгөн. Мисалы, 15-кылымда индиялык жоолуктун үстүнөн 3 токуучу бир нече ай эмгектенишкен. Ал эми кандайдыр бир маанини камтыган оюусу менен татаалыраак жоолукту даярдоого жарым жылдан 4 жылга чейин убакыт сарпталган.
4) Жоолук көптөгөн сүйүшкөндөрдүн тагдырын байлаган.
Өзүлөрүнө жаккан кыздын жүрөгүн ээлеп алуу үчүн жигиттер аларга жоолук белек кылышкан. Мисалы, Наполеон Бонапарт сүйгөнү Жозефинага жоолук белек кылууну абдан жакшы көрчү. Баса, өтө назик кашмир кездемесинен токулган египет жоолугун Наполеон ашыгына белек кылганы Европадагы жоолук модасынын башталышына себеп болгон.
5) Жоолукка арналган бүтүндөй музей бар экендигин билесизби?
Москва облусуна караштуу Павлов Посад шаарында 2002-жылы март айында орус жоолугуна арналган уникалдуу музей ачылган. Музей аталган шаардын тургуну, көркөм сүрөт чыгармаларынын коллекционерлер клубунун мүчөсү Владимир Федорович Шишендин демилгеси менен ачылган.
Музей фондун 18-20-кылымдарда чогултулган жоолуктардын коллекциясы, аялдардын баш кийими түзөт. Эске салсак, Россияда 19-кылымдын аягына дейре баш кийимдер жана жоолуктар гардеробдун ажырагыс бир бөлүгү болуп келген.
6) Дүйнөдөгү эң кымбат жоолук Лондондогу аукциондо 4,8 миллион долларга сатылган.
Эң кымбат жоолуктун тарыхы 80 жыл мурун эле башталган. “Ascher London” белгилүү жоолук брендинин негиздөөчүсү 1946- жылы легендарлуу сүрөтчүлөр Пабло Пикассо жана Анри Матиссти жоолукка дизайн чийип берүүгө көндүрүү үчүн Парижге жөнөгөн. Жыйынтыгында, Анри Матисс макул болот. Жоолук 30 даана санда чыгарылат. Ал эми жоолуктун оригиналы чоң өлчөмдө жасалып, сүрөтчүнүн студиясына илинип коюлган. Жоолук La Mer (деңиз) деп аталып, ал өзүнө сүрөтчү Анринин 1940-жылы барып келген Таити аралындагы элестерин камтыйт.
7) Жоолук — Улуу Британия королевасы Елизавета II нин эң жакшы көргөн аксессуарларынын бири.
Ал өзүнүн бейформал жолугушууларында жана сейилдөөлөрүндө түрдүү жоолуктарды салынганды жакшы көрөт.
8) Байыркы кавказдардын тарыхында кыз жерге жоолукту таштап коюу менен согушту токтото алган.
Эркектер аялга болгон сыйынан улам көздөрүн андан кыздан ала качып, согушту токтотушкан. Бул салт бир катар кавказ бийлеринде жакшы көрсөтүлгөн. Бий учурунда “согушуп жаткан” эркектердин ортосуна кыз чыга калып, жоолугун жерге таштайт. Мындан соң мырзалар ортодогу душманчылыгын токтотушкан.
Нурсадык Ормонбаевдин Facebook социалдык тармактагы баракчасынан алынды.