Бүгүн, 1-февралда Жогорку Кеӊеште жаӊы өкмөттүн курамын түзүү маселеси каралып жатат. Анда өкмөт башчылык кызматка Улукбек Мариповдун талапкерлиги каралды.

Жыйында Мариповго депутаттар тарабынан бир катар суроолор берилип, жыйынтыгында көпчүлүк коалициянын депутаттары анын талапкерлигин жактырды.

Улукбек Мариповдун өмүр баяны:

Улукбек Марипов 1979-жылы 30-августта Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Кыргыз-Ата айылында туулган. Ош шаарындагы техникалык университетин аяктаган. Ошондой эле Ош мамлекеттик университетинен финансы жана кредит, юриспруденция адистиги боюнча билимин тереңдеткен.

Билген тилдери:

Кыргыз, орус, англис

Эмгек жолу:

1997-2001 — “Кызыл Кетмен” дыйкан чарбасынын жетекчиси.
2001-2002 — КР Каржы министрлигинде жетектөөчү адис.
2002-2003 — Каржы министрлигинин кирешелер боюнча комитетинин төрагасынын жардамчысы.
2003-2005 — Баткен облусунун губернаторунун жардамчысы.
2005-2006 — Жогорку Кенештеги депутаттын консультанты.
2006-2008 — Президенттин администрациясынын уюштуруу иштери, көзөмөлдөө жана мамлекеттик башкаруу саясаты бөлүмүндө эксперти.
2008-жылдын октябрь айынан 2009-жылдын октябрына чейин – Президенттин администрациясынын уюштуруу жана мамлекеттик башкаруу саясаты бөлүмүндө мамлекеттик инспектор.
2010-жыл — КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин эл аралык кызматташуу башкармалыгынын жетекчиси.
2010-жылдын декабрынан 2011-жылдын декабрына чейин – КР өкмөтүнүн аппаратынын уюштуруу-инспектордук жана аймактык башкаруу бөлүмүндө инспектор.
2011-жылдын декабрынан 2015-жылдын апрелине чейин КР президентинин жардамчысы.
2015-жылы Улукбек Марипов КР президентинин аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары болуп дайындалган.

Ал 2016-жылдан бери Эсептөө палатасын жетектеп келген.

Ал мамлекеттик кызматтын III класстагы кеңешчиси, мамлекеттик кызматтын отличниги.

Эске сала кетсек, Мариповдун бир тууган иниси Бактыбек Марипов өткөн жылы ноябрда Ноокат районуна аким болуп дайындалган.