Айыл чарба жана мелиорация министрлигин айыл чарбасында бай тажрыйбасы бар адам башкарат. Бул тууралуу премьер-министрдин кызмат ордуна талапкер Улукбек Марипов бүгүн, 1-февралда өткөн жыйында билдирди.

Жыйында депутат Бейшеналы Нурдинов аталган министрликти мамлекеттик кызматта бай тажрыйбасы бар адам жетектеши керектигин белгиледи.

«Сиз айыл чарбасын күчөтөм деп жатасыз, анда кадр маселесине көңүл буруу керек. Министрликке күчтүү кадр келиши керек, алар сизге окшоп 20-30 жыл иштеген», — деди депутат. Марипов мындай адам бөлүмдү жетектейт деп жооп берди.

«Айыл чарбасын менден жакшы билген күчтүү адам жетектейт. Жакында анын атын билесиздер»,- деди ал.

Азыр Айыл чарба министрлигин буга чейин мамлекеттик кызматта иштебей, бирок дыйканчылык менен алектенген 30 жаштагы Тилек Токтогазиев башкарат. Ал Садыр Жапаровду бийликке алып келген Октябрь митингдеринен кийин кызматка киришкен. Учурда Жапаров өз бийлигин бекемдеп, жаңы өкмөт куралып жатат. Токтогазиевдин айтымында, анын жаңы өкмөттөгү келечеги аны менен азырынча талкуулана элек.

Эскерте кетсек, бүгүн көпчүлүк парламенттик коалиция премьер-министр кызмат ордуна Улукбек Мариповдун талапкерлигин жактырган.