2021-жылдын 1-февралында «Манас» эл аралык аэропорту» ААК башкармалыгынын төрагасы Бактыбек Сыдыков Кувейттин Jazeera Airways авиакомпаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу аэропорттун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө Кувейт-Бишкек-Кувейт каттамдары боюнча жаңы туруктуу аба каттамдарын ачуу боюнча актуалдуу маселелер талкууланды, ал 2021-жылдын 5-февралынан 11-февралына, Кувейт-Ош-Кувейт 2021-жылдын 9-февралына жылдырылды.

Jazeera Airways авиакомпаниясынын директорунун орун басарынын ассистенти Риза Аль Мусавинин айтымында, дүйнөдөгү эпидемиологиялык кырдаал турукташкандан кийин Кувейт-Бишкек-Кувейт каттамдарынын жыштыгын көбөйтүүнү, жумасына 7 жолу учурууну пландап жатышат. Учурда каттамдар жумасына 2 жолу — дүйшөмбү жана жума күндөрү аткарылат.

Ал ошондой эле аба эркиндигинин 5-даражасын колдонуу менен Кувейт-Бишкек-Сиань каттамы боюнча учууларды ачууну пландаштырып жатышкандыгын кошумчалады.

Өз кезегинде башкармалыктын төрагасы Бактыбек Сыдыков «МЭА» ААК 24 саат бою жогорку деңгээлде кызмат көрсөтүүгө даяр экендигин белгиледи.