Күндө эрте менен Эркиндик бульварына барып чуркайм. Ден-соолук баарынан кымбат экен. Жаш кезде жумушка кызыгып, баш көтөрбөй иштедим. Каттуу ооруп ооруканадан дарыланып чыктым. Ошондо дарыгерлер көп кыймылдап ден-соолукту чыңдоо үчүн эрте туруп чуркаңыз, көнүгүүлөрдү жасаңыз деп сунуш беришти. Чынында чуркагандан бери кыйла өзүмдү жеңил сезип, денемде кан айлануу жакшырып, бир күн кечке көңүлдүү жүрөм.  Мага окшоп чуркагандар көп. Жаштар, өзгөчө кыргыз апалар-аталар ээрчишип чуркамыш болуп таң заарда таза аба жутканы чыгышат. Аларды карап кубанып калам. Мурда мындай көрүнүш аз боло турган. Жалаң эле орус ата-апалар чуркашчу эрте менен.

Акыркы күндөрү күндө эрте менен небересин жетелеп бир апа бульварда басканын көрүп калам. Аябай көзүмө сүйкүм көрүнөт. Ал ападан жылуулук, мээрим жүзүнөн көрүнүп турат. Бир күнү атайын эле апа менен учурашып, бир аз кобурашып отурдум.

Апага суктана карап, небере баккан бактылуу апа экенин айттым. Ал апа менен көпкө баарлаштык. Апанын 4 баласы бар экен. Абышкасы бир топ жыл мурун кайтыш болуптур.  Азыр эң кичүү уулунун үйүндө экен. Ал мага бир эсе кубануу менен, бир эсе кайгыруу менен кичүү баласы тууралуу айтып берди. Көрсө кичүү баласы өзүнүн баласы эмес тура. Жаңы төрөлгөндө эшигинин  астына бирөө таштап кетип, апа менен абышкасы багып чоңойтуптур. Чоң балдары өзүнчө бүлө куруп, көп кабар албай кетиптир. Багып алган баласы башкалардан мээримдүү  болуп, картайганда апаны багып жатыптыр. Апа оор үшкүрүп өзүнүкүлөрдөн көрбөгөн камкордукту бакма баладан көрүп жатканын, ошонун кызын күндө таза аба жуттуруп эшикке алып чыгарын айтты. Өзүнүн балдары кээде келип эле кабар алып кетпесе дээрлик катышпайт деле экен.

Апа менен жылуу коштошуп үйгө бет алдым. Эң башкысы тапкандыкы эмес, баккандыкы деп, апага мээрим төгүп, көңүлүн таап, жылуу мамиле жасап карап жаткан жигитке ыраазы болдум. Кетип баратып, бир мезгил ошол баланы тыштап кеткен апанын абалы азыр кандай болду экен деген ой кылт дей түштү….

 

Автор Жазгүл Баяналиева

Бул макала “Kadam-media.kg” маалыматтык порталынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.